Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 119

Чыпкаларды алып салуу

Равий

Бардык равийлерди көрсөтүү (54)
Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чөлдүк киши келип: Мага мен аны аткарсам бейишке кире турган бир ишти көрсөтчү - деди. Ал: "Аллахка эч нерсени шерик кылбай ибадат кыласың, парз намаздарды окуйсуң, парз зекетти бересиң, Рамазанда орозо кармайсың" - деди. Тиги киши: Жаным колунда турган Аллахка ант болсун, мындан ашыкча эч нерсе кылбаймын - деди. Ошентип ал ары кеткенде пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Кимди бейиштик адамды көрүү кубандырса, анда тиги кишиге карасын" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Ким эки кызды бойго жеткенге чейин багып өстүрсө, Кыямат күнү мен менен ал (ушундай) келет» - деп, манжаларын бириктирди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Аллах кимге жакшылыкты кааласа, аны динде илимдүү кылат. Чынында мен бөлүштүрүүчүмүн, Аллах берүүчү. Бул үммөт Аллахтын динин бекем кармаса, кыямат болгонго чейин аларга каршы чыккандар зыянын тийгизе албайт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Жөөттөргө жана христиандарга озунуп салам айтпагыла. Эгер жолдо алардын бирөөсүнө жолугуп калсаңар, аны жолдун кырына кысып өткүлө".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Эч кимиңер заара кылганда мүчөсүн оң колу менен кармабасын. Даарат ушатканда оң колу менен тазалабасын. Ичкенде идиштин ичине демин чыгарбасын".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Кимде-ким (мусулман) бир тууганынын абийирин ал жокто коргосо, Аллах кыямат күнү анын жүзүн тозоктон сактайт».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
"Мен сейил кылдырылган исра-мираж түнү Ибрахимге жолуктум. Ал мага: Оо, Мухаммед, үммөтүңө менден салам айт. Аларга айтып кой, бейиштин топурагы борпоң, суусу (тузсуз) таза, жери кенен. Анын көчөтү "Субханаллах, валхамду лиллаах, ва лаа илааха иллаллааху валлааху акбар".
Хасан бишаваахидихи (башка жакшы айтымдары бар хадис). Ат-Тирмизи жазып калтырган.
"Мурдагы пайгамбарлардын сөздөрүнөн адамдарга кеңири тараганы: "Эгер уялбасаң, каалаганыңды кыла бер" деген сөз".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.