Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 2

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

"Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) он ирекет намазын эстеп калдым : бешимден мурда эки ирекет, бешимден кийин эки ирекет окуганын. Шамдан кийин үйүндө эки ирекет окуганын. Куптандан кийин да эки ирекет үйүндө окуганын. Дагы багымдат намазынан мурда эки ирекет окуганын. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанына кирбей турган да убак бар болчу. Мага Хафса да минтип айткан: Азанчы азан чакырып, таң сүргөндө (пайгамбар) эки ирекет намаз окучу. Башка риваятта: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жума намазынан кийин эки ирекет намаз окур эле - деп келген.
Сахих (ишенимдүү) Бардык айтымдарынын ишенимдүүлүгүнө макулдашылган.
التصنيف الشرعيصلاة التطوع، السنن الرواتبموضوعات الحديثالسنن الرواتب
"Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) нафил намаздардын эч бирине таңкы намаздын эки рекетиндей бекем болгон эмес."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالسنن الرواتب