Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 6

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

"Кишинин (мечитте) жамаат менен окуган намазы, анын үйүндө же базарында окуган намазынан жыйырма канча даража ашыкча болот. Бул мындай, эгер алардын бири даарат алганда жеткиликтүү даарат алса, анан намаз окуу үчүн гана мечитке келсе, анын ар бир шилтеген кадамына даражасы көтөрүлөт, ошого жараша катасы өчүрүлөт. Ошентип мечитке кирип, канча убакыт намазды күтүп отурса, намазда отургандай эсептелет. Силерден бирөөңөр намаз окуган ордунда отурса, анын даараты бузулбаса же бирөөгө зыян тийгизбесе, периштелер ага дуба кылып: Аллахым, ага ырайым кыл. Аллахым, аны кечир. Аллахым, анын тобосун кабыл кыл дешет".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактооосу болсун) сокур адам келип: "О, Аллахтын элчиси, мени мечитке жетелеп келе турган адам жок болуп жатат" - деп Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага намазды үйүндө окууга уруксат сурады. Ага уруксат берди. Ал кайрылып кетип бара жатканда, кайра чакырып: "Намазга айтылган азанды угасыңбы?" - деп сурады. "Ооба" - деди тиги киши. "Анда ага жооп бер" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"«Жамаат менен окулган намаз силерден бирөөңөрдүн жалгыз окуган намазынан жыйырма беш эсеге артык жана багымдат намазында түнкү периштелер жана күндүзгү периштелер чогулушат». Андан кийин Абу Хурайра айттй: Эгер кааласаңар: «Чынында, таңдын намазы күбө болунган (намаз)». - деп окугула [Исра сүрөсү, 78-аят]."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кимде-ким эртең менен жана кечинде мечитке барса, анын ар бир барганы үчүн Аллах Таала ага бейиште сый даярдап койот".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кимде-ким сарымсак же пияз жесе, бизге (же биздин мечитибизге) жолобой үйүндө отурсун" . Бир жолу Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сарымсак, жашылчалар кошулган тамак салынган идишти алып келишти эле, андан жагымсыз жытты байкап, эмне кошулганын сурады. Алар анда сарымсак бар экенин айтышты. Ал аны ошол жердеги бир сахабасына бергиле деди. Кийин тиги сахабанын тамакты жебей отурганын көрүп: "Сен жей бергин. Мен сен байланышпаган бирөө менен байланышам" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Эркектер үчүн саптардын эң жакшысы - алдыңкылары. Эң жаманы - арткылары. Аялдар үчүн саптардын эң жакшысы - арткылары. Эң жаманы - алдыңкылары".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.