Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 4

Чыпкаларды алып салуу
Filter
Pick a property to filter by
الفئة المستهدفة1
حجم المحتوى2
التخريج المتعدد2
التخريج المتعدد: متفق عليه

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

"«Намаз окуп жаткандын алдынан өткөн адам, эгер ага кандай күнөө болорун билсе, анын алдынан өткөндөн көрө кырк токтоп туруусу ал үчүн жакшыраак болмок»." Абу Надр: "Кырк күн, же кырк ай, же кырк жыл дегенин билбейм", – деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيسنن الصلاة
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазды баштаганда эки колун эки ийининин тушуна чейин көтөрчү. Рүкү кылуу үчүн такбир айтканда, рүкүдөн башын өйдө кылганда эки колун ошондой көтөрчү. Анан: "Самиъа Аллаху лиман хамидах, роббанаа лакал хамду" деп айтчу. Саждада мындай кылчу эмес.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيسنن الصلاة، صفة الصلاة، أذكار الصلاةموضوعات الحديثسنن الصلاة، صفة الصلاة
«Эгер адамдар азандын жана биринчи саптын артыкчылыгын билгенде, анда ага жетүү үчүн чүчүкулак тартуудан башка жол таба албай, сөзсүз чүчүкулак тартышмак. Эгер алар намазга эрте баруунун артыкчылыгын билишкенде, анда ал үчүн жарышышмак. Эгер куптан жана багымдат намаздарынын артыкчылыгын билишкенде, анда ал экөөнө жөрмөлөп болсо да келишмек».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالفضائل، سنن الصلاة
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окуганда колдорун кенен жайып сажда кылгандыктан, анын колтуктарынын актыгы көрүнүп калчу.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيسنن الصلاة، صفة الصلاةموضوعات الحديثسنن الصلاة، صفة الصلاة