Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 2

Чыпкаларды алып салуу
Filter
Pick a property to filter by
التخريج المتعدد1
التخريج المتعدد: متفق عليه

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

Ал (Абу Хурайра) Мединанын көчөлөрүнүн биринде жунуб абалында Пайгамбар менен жолугуп калат. Ал акырын жылып кетип, гусул алып келди. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны издеп калды. Ал келгенде, Пайгамбар: «Эй, Абу Хурайра, кайда болдуң?» – деп сурады. Ал: «Оо, Аллахтын Элчиси, мен жунуп абалымда сизге жолугуп калдым, ошондуктан гусул алмайынча сиз менен отурууну каалабадым», - деп жооп берди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «СубханАллах! Чындыгында, момун адам нажас (ыплас) болбойт» – деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيإزالة النجاسات، الغسل
"Кимде-ким жума күнү жунуптуктан жуунгандай жуунуп, анан эртелеп мечитке барса, төөнү курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам уйду курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам мүйүздүү кочкорду курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам тоокту садака кылгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам жумуртканы садака кылгандай сооп алат. Имам кутпа айтуу үчүн минбарга чыкканда периштелер зикирди угуу үчүн чогулат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيسنن وآداب الغسل، صلاة الجمعة