Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 10

Чыпкаларды алып салуу

Риваят кылынган булак

"Кайсы бир мусулман пенде, ага парз намаздын убактысы келгенде дааратын жеткиликтүү алып, жүрөгү менен берилип, үрүкүлөрүн жакшы аткарып намаз окуса, андан мурдагы (майда) күнөөлөрүн кетирет, эгер ал чоң күнөө кылбаган болсо. Бул ар дайым ушундай".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل الوضوء، وجوب الصلاة وفضلها وحكم تاركهاموضوعات الحديثأحكام الوضوء، مكانة الصلاة وفضلها
"Эгерде силердин бирөөңөр курсагындагы желдин чыкканын билсе жана андан жел чыктыбы же чыкпадыбы деп күмөн санаса, ал желдин үнүн укмайынча же жытын жыттамайынча мечиттен чыкпасын".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالقواعد الفقهية والأصولية، نواقض الوضوءموضوعات الحديثأحكام الوضوء
"Силерге Аллах Таала ал аркылуу күнөө-каталарды өчүрүп, даражаларды көтөрө турган ишти айтайынбы?" Сахабалар: Айтыңыз, о, Аллахтын элчиси" - дешти. "Кыйынчылыкка карабай жеткиликтүү даарат алуу. Мечитке көп каттоо. Намаздан кийин кийинки намазды күтүү. Мына ушул (Аллах менен) бекем байланыш".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل الأعمال الصالحة، فضل الوضوء، سنن وآداب الوضوء، وجوب الصلاة وفضلها وحكم تاركها، فضل صلاة الجماعة وأحكامها، أحكام المساجدموضوعات الحديثأحكام المساجد غير الحرمين، أحكام الوضوء، مكانة الصلاة وفضلها، صلاة الجماعة
«Тазалык – ыймандын жарымы. Алхамдулиллахи сөзү амал таразаны толтурат. Субхааналлах жана Алхамдулиллах сөздөрү болсо асмандар менен жердин ортосун толтурат. Намаз – нур, садака бул - далил, ал эми сабырдуулук болсо жарыктык. Куран болсо, сенин пайдаңа же сенин зыяныңа күбөө болот. Ар бир инсан күндө өз нафсисин Аллах үчүн же шайтан үчүн сатыкка коёт, анан аны куткарып алат же аны зыянга учуратат».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيوصف القرآن وفضائله، فضائل الأعمال الصالحة، فضل الذكر، الأخلاق الحميدة، فوائد ذكر الله عز وجل، تزكية النفوس، فضل الوضوء، وجوب الصلاة وفضلها وحكم تاركها، صدقة التطوعموضوعات الحديثتلاوة القرآن، الذِّكْر، الصبر، صدقة التطوع، مكانة الصلاة وفضلها
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунубдуктан жуунганда бир "саа" өлчөмдөгү сууга жуунчу. Даарат алганда бир "муд" сууга даарат алчу.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيسنن وآداب الوضوء، سنن وآداب الغسل
«Тазалык – ыймандын жарымы. "Алхамдулиллах" деп айтуу амал таразасын толтурат. "Субхааналлах" жана "Алхамдулиллах" деп айтуу асман менен жердин ортосун толтурат. Намаз – нур, садага - далил, ал эми сабырдуулук -жылуу таптуу нур. Куран - сенин пайдаңа же зыяныңа күбө болот. Ар бир инсан күндө өз напсисин Аллах үчүн же шайтан үчүн сатыкка коёт, анан аны куткарып алат же аны зыянга учуратат».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفوائد ذكر الله عز وجل، الأربعون النووية، تزكية النفوس، فضل الوضوء
«Эгерде мусулман – же момун – пенде даарат алып жатып бетин жууса, анын эки көзү менен карап кылган ар бир күнөөсү суу менен – же суунун акыркы тамчысы менен – кошо бетинен чыгып кетет. Эгерде эки колун жууса, анын эки колу менен кармап кылган ар бир күнөөсү суу менен – же суунун акыркы тамчысы менен – кошо эки колунан чыгып кетет. Эгерде эки бутун жууса, анын эки буту менен басып барып кылган ар бир күнөөсү суу менен – же суунун акыркы тамчысы менен – кошо чыгып кетет. Ошентип, ал күнөөлөрдөн таза болуп чыгат».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل أعمال الجوارح، الوضوء
"Ким даарат алганда жеткиликтүү жакшы даарат алса, денесинен күнөөлөрү төгүлүп, тырмактарынын астынан чыгып кетет".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل الوضوءموضوعات الحديثأحكام الوضوء