Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 2

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар күнү түнү уктаганда эки колун бириктирип, анан аларга үйлөп: «Айткын! Ал Аллах жалгыз» деп башталган Ихлас сүрөөсүн, «Айткын! Таңдын Раббиси менен коргоном» деп башталган Фалак сүрөөсүн жана «Айткын! Адамдардын Раббиси менен коргоном» деп башталган Наас сүрөөсүн окучу. Анан колдору менен башына, жүзүнө жана денесинин алдынан баштап колу жеткен жерге чейин сүртөт эле. Ал муну үч жолу кылчу.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالرقية الشرعية وأحكامها، آداب النوم والاستيقاظ، فضائل السور والآياتموضوعات الحديثأذكار النوم، فضائل السور والآيات
Бир киши экинчи бир кишинин «Кул хувал-Лааху ахад» сүрөсүн кайра-кайра кайталап окуп жатканын угат. Эртең менен ал Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип, бул тууралуу ага айтып берет. Ал киши аны азсынгандай эле. Ошондо Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Жаным Анын колунда болгон Затка ант! Чындыгында, ал (Ихлас сүрөсү) Курандын үчтөн бирине тете."
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل السور والآيات