Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 172

Чыпкаларды алып салуу

Равий

Бардык равийлерди көрсөтүү (56)
"Кимде-ким никенин акысын бере алса, анда үйлөнсүн. Анткени үйлөнүү көзгө көшөгө жана зынадан коргоочу болот. Кимде-ким никенин акысын бере албаса, анда ага орозо кармоо зарыл, анткени орозо аны бычкан сыяктуу шакыбатын токтотот".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيفضل الصيام، فضل النكاح وآدابه
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбарда туруп, садака, пакизалык жана тилемчилик жөнүндө айтып жатып мындай деди: «Жогорку кол ылдыйкы колдон жакшы. Жогорку кол — бул берүүчү кол, ал эми ылдыйкы кол — бул суроочу кол».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيصدقة التطوع
«Жебирейил периште мага кошуна жөнүндө «мен кошуна да мурас алат экен» деп мен ойлоп калганга чейин насаат айтып жатты".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالصلح وأحكام الجوار، الأخلاق الحميدةموضوعات الحديثالإحسان إلى الجارمحاور التعريف بالإسلاممحاسن الأخلاق
«Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандардан болгон кулга да, эркин адамга да, эркекке да, аялга да, жаш балага да, чоң кишиге да курмадан бир сааъ же арпадан бир сааъ өлчөмүндө фитир садакасын (зекетти) берүүнү парз кылды. Ошондой эле, аны адамдар (айт) намазына чыкканга чейин берүүнү буйруду».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيزكاة الفطر
«Ким Аллах жолунда бир күн орозо кармаса, Аллах анын жүзүн тозоктон жетимиш жылга алыс кылат».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيصيام التطوع
«Эки мусулман бири-бири менен кылычташып урушканда, өлтүргөн да жана өлгөн да тозоко түшөт. Ошондо мен: «Аллахтын Элчиси, бул киши өлтүргөн адам, а бирок өлтүрүлгөн адамда эмне күнөө?» - деп айттым. Аллахтын Элчиси: «Ал да шеригин өлтүргүсү келген» - деди».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالجنايات، أعمال القلوب، ذم المعاصيموضوعات الحديثقتل النفس
"(Нике окулуп) аялды адал кылган учурда коюлган шарттар - сөзсүз аткарыла турган шарттардан".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيأحكام وشروط النكاحموضوعات الحديثالوفاء بالعهد، حق الزوجة
"Силерден кимиңер болбосун, жакында Аллах Таала аны менен котормочусуз сүйлөшөт.Ошондо ал оң тарабына карап жасаган жакшы амалдарын гана көрөт. Сол тарабына карап жасаган жаман иштерин гана көрөт. Алдына карап бет алдында турган жалындуу тозокту көрөт. Ошон үчүн жарты курманы садака кылып болсо да тозоктон сактангыла".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيصدقة التطوع، توحيد الأسماء والصفات