Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу
"Кимде-ким белгиленген жазага татыктуу күнөө кылып, ага бул дүйнөдө жазасы эртелетилип берилсе, анда Аллах акыретте Өз пендесине жазаны кайталоодон алда канча адилеттүү. Ал эми кимде-ким белгиленген жазага татыктуу күнөө кылып, Аллах анын күнөөсүн жашырса жана аны кечирсе, анда Аллах Өзү кечирген нерсеге кайра кайтуудан Улук."
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالحدود
"Үч түрдүү адамдан калем көтөрүлгөн (б.а. күнөө жазылбайт): уктап жаткан киши ойгонгонго чейин. Жаш бала балакат курагына жеткенге чейин. Акылынан айныган адам акылына келгенге чейин".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа менен Ахмад да жазып калтырган.
التصنيف الشرعيشروط الصلاة
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунуб болгондон башка бардык абалда бизге Куранды окуп берчү.
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيأحكام القرآن والمصاحف، الغسل