Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 2

Чыпкаларды алып салуу
Filter
Pick a property to filter by
الفئة المستهدفة1
حجم المحتوى1
التخريج المتعدد3
التخريج المتعدد: متفق عليه

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

«Аллах жоопкер кылып койгон пенде, ал өлөөр күнүнө чейин карамагындагыларды алдап жүрүп өлсө, Аллах аны бейишке кирүүсүн арам кылат».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيأحكام الإمامة، حقوق الرعية على الإمامموضوعات الحديثالغش، أحكام الإمامةمحاور التعريف بالإسلاممحاسن الأخلاق، عدل الإسلام
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир канча сахабаларды жиберип, аларга ансарлардан бир кишини башчы кылып дайындады жана ага баш ийүүнү буйрук кылды. Ал ачууланып: «Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) силерге мага баш ийүүнү буйрук кылбады беле?» - деди. Алар: «Ооба», - дешти. Ал: «Анда мага отун чогултуп келгиле», - деди. Алар отун чогултуп келишти. Анан ал: «От жаккыла», - деди эле, алар от жагышты. Андан соң: «Отко секиргиле!» - деп буйрук берди. Алар отко кирүүгө камынышты, бирок бири-бирин кармап: «Биз оттон (тозоктон) качып Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келбедик беле!» - дешти. Алар от өчкөнгө чейин ушул абалда турушту, анын да ачуусу тарады. Бул кабар Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жеткенде, ал: «Эгерде алар отко киришкенде, андан Кыямат күнүнө чейин чыгышмак эмес. Чынында, баш ийүү жакшы иштерде гана болот», - деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيأحكام الإمامة، غزواته وسراياه صلى الله عليه وسلم