Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 2

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

"Бир киши бар эле, мечиттен андан да алыс жашаган башка эч кимди билчү эмесмин. Ал бир да намазды калтырчу эмес. Ага кимдир бирөө (же мен): "Караңгыда жана аптаптуу ысыкта минип жүрүү үчүн бир эшек сатып алсаң кантет?" – деди. Ал: "Үйүмдүн мечитке жакын болуусу мени кубантпайт. Мен мечитке баскан кадамыма жана үй-бүлөмө кайтканымдагы кадамыма мага сооп жазылуусун каалайм", - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Аллах сага мунун бардыгын тең (сен каалагандай сооп кылып) чогултуп берди», - деп айтты."
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيخصائص الإسلام وفضله ومحاسنه
"Адамдар ар бир мүчөсү үчүн күн сайын садага берүүгө милдеттүү. Эки адамды жараштыруу - садага. Кишини улоосуна мингизип, же буюм-теримин улоосуна артышып коюу - садага. Ооздон чыккан жакшы сөз - садага. Намаз окуу үчүн мечитке каттаган ар бир кадам - садага. Зыяны тие туган нерсени жолдон алып таштоо - садага".
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
التصنيف الشرعيالأربعون النووية، خصائص الإسلام وفضله ومحاسنه