Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

«Чындыгында, силердин араңардан бейиштеги эң төмөнкү орунду ала турган адамга: "Каалаганыңды тиле!" - деп айтылат. Ал каалаганын тилейт жана дагы тилейт. Кийин андан: "Тиледиңби?" - деп суралат. Ал: "Ооба", - деп жооп берет. Ошондо ага: "Сага тилеген нерселериң жана дагы ошончо берилет", - деп айтылат».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيصفات الجنة والنار، الحياة الآخرة
"Эки түрдүү адамдар тозоктун тургундары болот, бирок мен аларды көрө элекмин. Биринчиси, колунда уйдун куйругундай чубалган камчысы бар, аны менен адамдарды сабаган коом. Экинчиси, кийимчен жылаңач, эркектерди өздөрүнө тарткан жана башкаларды да ушундай болууга кызыктырган, башына түйгөн чачтары төөнүн өркөчүндөй чайпалган аялдар. Мына ушулар бейишке кирбейт жана бейиштин жытын да жыттабайт. Ал эми бейиштин жыты канча-канча аралыкка буркурап турат".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعياللباس والزينة، صفات الجنة والنار، حجاب المرأة المسلمة، دلائل النبوة، أشراط الساعةموضوعات الحديثالتبرج، الظلم، أشراط الساعة
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен чогуу отурганбыз. Кокустан ал бир нерсенин катуу урунган добушун угуп: "Бул эмне экенин билесиңерби?" - деди. Биз: Аллах жана Анын элчиси жакшы билет - дедик. Ал: "Бул жетимиш жыл мурда тозокко ыргытылган таш, ал учуп барып тозоктун түбүнө азыр түштү" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيصفات الجنة والنار