Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 14

Чыпкаларды алып салуу
"Эки түрдүү адамдар тозоктун тургундары болот, бирок мен аларды көрө элекмин. Биринчиси, колунда уйдун куйругундай чубалган камчысы бар, аны менен адамдарды сабаган коом. Экинчиси, кийимчен жылаңач, эркектерди өздөрүнө тарткан жана башкаларды да ушундай болууга кызыктырган, башына түйгөн чачтары төөнүн өркөчүндөй чайпалган аялдар. Мына ушулар бейишке кирбейт жана бейиштин жытын да жыттабайт. Ал эми бейиштин жыты канча-канча аралыкка буркурап турат".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Мага бейиш менен тозок көрсөтүлдү, жакшылык менен жамандык жагынан бүгүнкүдөй күндү эч качан көргөн эмесмин. Эгерде менин билгенимди билгениңерде, аз күлүп, көп ыйламаксыңар." Анас айтат: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары үчүн мындан өткөн оор күн болгон эмес. Ал айтты: Алар баштарын жаап, бышактап ыйлап жатышты. Ал айтты: Ошондо Умар туруп мындай деди: Биз Раббибиз Аллах, динибиз Ислам жана пайгамбарыбыз Мухаммад - деп ыраазы болдук. Ал айтты: Анан баягы адам ордунан туруп: Менин атам ким? - деп сурады. Ал: "Сенин атаң баланча" - деди. Ошондо: «Оо, ыйман келтиргендер! (Силерге зарыл болбогон) Ар нерсени сурай бербегиле. Эгер сурооңорго жооп берилсе андан өзүңөргө кыйынчылык жаратып аласыңар». (Маида сүрөсү, 101-аят) - деген аят түштү.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен чогуу отурганбыз. Кокустан ал бир нерсенин катуу урунган добушун угуп: "Бул эмне экенин билесиңерби?" - деди. Биз: Аллах жана Анын элчиси жакшы билет - дедик. Ал: "Бул жетимиш жыл мурда тозокко ыргытылган таш, ал учуп барып тозоктун түбүнө азыр түштү" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Чындыгында бейиште бир дарак бар, күлүк, ылдам, суутулуп тапталган ат менен чаап жүрүп олтурган адам андан жүз жылда да басып өтө албайт."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кимде-ким: "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Ал Жалгыз, Анын шериги жок. Мухаммад Анын кулу жана элчиси, Иса да Аллахтын кулу, элчиси жана Мариямга үйлөгөн сөзү, анын руху Алладан, бейиш чын, тозок да чын" деп күбөлүк берсе, Аллах аны амалына карабай бейишке киргизет".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кыямат күнү бир киши алып келинип тозокко ташталат. Анын ичеги-карды чубалып калат. Анан ал эшек тегирмендин ташын айлантып тегеренген сыяктуу ичеги-кардын айланып калат. Анын айланасына тозоктун тургундары чогулат. Анан: Эй, баланча! Сага эмне болду!? Сен башкаларды жашылыкка чакырып, жамандыктан тыят элең го? - деп сурашат. Ал айтат: Ооба, чындап башкаларды жакшылыкка чакырчумун, бирок өзүм аткарчу эмесмин. жамандыктан кайтарчумун, бирок өзүм кыла берчүмүн".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)