Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

"Кимде төмөнкү төрт сыпат болсо, ал анык мунапык болот. Эгер булардын бири болсо, анда мунапыктыктын белгиси болот: сүйлөгөндө жалган сүйлөсө, убадасын аткарбаса, талашса чектен чыгып кетсе, келишимди (кыянаттык менен) бузса".
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
التصنيف الشرعيالأربعون النووية، ذم المعاصي، النفاق
Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир адам келди да: Оо, Аллахтын Элчиси, менин мал-мүлкүмдү тартып алууну каалаган адамга эмне кылуум керек? — деп сурады. (Пайгамбар): «Мал-мүлкүңдү ага бербе» — деп жооп берди. (Ал киши): Эгер мага кол салсачы? — деди. (Пайгамбар): «Анда ага каршы күрөш» — деди. (Ал): А эгер ал мени өлтүрсөчү? — деп сурады. (Пайгамбар): «Анда сен шейитсиң» — деди. (Ал): А мен аны өлтүрүп койсомчу? — деди эле: (Пайгамбар): «Анда ал тозокто» — деп жооп берди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيمقاصد الشريعة، ذم المعاصي
«Беш убак намаз бири-бирине чейинки, жума намазы келерки жумага чейинки, Рамазан айы келерки Рамазан айына чейинки кичине күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот, эгерде чоң күнөөлөрдөн алыс болсо».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل الأعمال الصالحة، ذم المعاصي، وجوب الصلاة وفضلها وحكم تاركها، فضل يوم وصلاة الجمعة، فضل الصيامموضوعات الحديثمكانة الصلاة وفضلها، الصيام، صلاة الجمعةمحاور التعريف بالإسلاممحاسن العبادة