Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу
«Жанында менин атым аталганда мага салават айтпаган адамдын тумшугу жерге тийсин (курусун); Рамазан айы кирип, күнөөлөрү кечириле электе ал ай узап кеткен адамдын тумшугу жерге тийсин; ата-энесинин көзү тирүүсүндө картайганын көрүп туруп, бирок (алардын кызматын кылып) бейишке кире албай калган адамдын тумшугу жерге тийсин!»
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأذكار للأمور العارضة
"Кимде-ким тамак жеп бүткөндөн кийин: "Алхамду лиллаахил-лази атъамани хаза ва розаканиихи мин гойри хавлин уа лаа кувватин" (Менден эч кандай күч-кубат талап кылбай, ушул тамакты жедирип, ырыскы берген Аллах Таалага алкыш-мактоолор болсун) деп айтса, анын өткөн (майда) күнөөлөрү кечирилет.
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأذكار للأمور العارضة
"Менин атымды укканда мага салават айтпаган адам - сараң адам".
Сахих (ишенимдүү) Тирмизи жана ан-Насааи Кубродо китебинде жана Ахмад риваят кылган.
التصنيف الشرعيالأذكار للأمور العارضة