Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 64

Чыпкаларды алып салуу
"Эки түрдүү адамдар тозоктун тургундары болот, бирок мен аларды көрө элекмин. Биринчиси, колунда уйдун куйругундай чубалган камчысы бар, аны менен адамдарды сабаган коом. Экинчиси, кийимчен жылаңач, эркектерди өздөрүнө тарткан жана башкаларды да ушундай болууга кызыктырган, башына түйгөн чачтары төөнүн өркөчүндөй чайпалган аялдар. Мына ушулар бейишке кирбейт жана бейиштин жытын да жыттабайт. Ал эми бейиштин жыты канча-канча аралыкка буркурап турат".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعياللباس والزينة، صفات الجنة والنار، حجاب المرأة المسلمة، دلائل النبوة، أشراط الساعةموضوعات الحديثالتبرج، الظلم، أشراط الساعة
«Эй, пенделерим! Чындыгында, Мен зулумдук кылууну Өзүмө арам кылдым жана аны силерге да арам кылдым. Ошондуктан силер, эч качан бири-бириңерге зулумдук кылбагыла! Эй, пенделерим! Чындыгында силердин баарыңар адашуудасыңар, бир гана Мен туура жолго салып койгон адамдар гана туура жолдо. Мына ошондуктан силер Менден туура жол сурагыла! Ошондо Мен силерди туура жолго саламын. Эй, пенделерим! Чындыгында, бардыгыңар ачкасыңар, Мен ырыскы берген адамдар гана ток болушат. Ошондуктан менден ырыскы сурагыла, Мен силерге ырыскы беремин. Эй, пенделерим! Акыйкатта силердин араңардан, Мен кийинтип койгон адамдардан башка баарыңар жылаңачсыңар. Ошондуктан силер – Менден гана кийиндирүүнү сурангыла, Мен силерди кийимдүү кылам. Эй, пенделерим! Силер эртеден кечке күнөө кыласыңар. Ал эми Мен күнөөлөрдүн бүт баарын кечиремин. Ошондуктан силер – Менден кечирим сурагыла! Мен силерди кечиремин. Эй, пенделерим! Мага зыян бергенге аракет кылып көргүлө. Бирок силер – эч качан Мага зыян бере албайсыңар. Эй, пенделерим! Силер Мага пайда бергенге да аракет кылып көргүлө. Бирок силер – эч качан Мага пайда бере албайсыңар. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысынын жүрөктөрү силердин араңардан эң такыбалуу бир кишинин жүрөгүндөй болуп бир деңгээлде такыба болсоңор да, бул нерсе Менин мүлкүмдөн эч нерсени көбөйтпөйт. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысынын жүрөктөрү, силердин араңардан эң жаман бир кишинин жүрөгүндөй болуп бир деңгээлде жаман болсоңор да, бул нерсе Менин мүлкүмдөн эч нерсени азайтпайт. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысы бир жерге чогулушуп туруп, Менден муктаждыктарын сураса, Мен алардын ар бирине сураган нерселерин берсем да бул нерселер – ийне деңизге салынып алынганда деңиздин суусун ийне азайткан сыяктуу менин мүлкүмдөн ошончолук деңгээлде гана кемите алат. Эй, пенделерим! Чындыгында, алар силердин кылган иш-аракеттериңер. Ал иш-аракеттериңерди эсеп-кысап кылам. Анан ошого жараша силерге сооп же жаза берем. Кимде-ким өзүн жакшы абалда тапса, анда ал Аллахка мактоо айтсын. Ал эми кимде-ким өзүн жакшы абалда таппаса, анда ал өзүнөн башка эч кимди күнөөлөбөсүн».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأربعون النووية، توحيد الأسماء والصفات
"Аллах Аруу-Таза, таза нерселерди гана кабыл кылат. Аллах Таала ыймандууларды пайгамбарларды буйруган нерсеге буйруган. Ал минтип айткан: "Оо, элчилер! Таза, адал нерседен жегиле! Жакшы иш-амалдарды кылгыла! Чынында, эмне кылганыңарды Мен билүүчүмүн". (Муминун, 51-аят). Ошондой эле: "Оо, ыйман келтиргендер! Биз силерге берген ырыскылардын таза-адалынан жегиле...!" деген. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алыс сапарга чыгып, чачы саксайып жүдөгөн, үстү-башын чаң баскан адам колун өйдө көтөрүп: “Оо, Раббим! Оо, Раббим!” - деп дуба кылганын эскерип, анан мындай деди: “Анын жегени арам, ичкени арам, кийгени арам, арамдан азыктанат. Анан анын дубасы кантип кабыл болсун?!”
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأربعون النووية، أسباب إجابة الدعاء وموانعه، توحيد الأسماء والصفات
«Күндөрдүн биринде биз Аллахтын элчисинин жанында олтурган элек. Ошол учурда жаныбызга аппак кийимчен, чачтары капкара болгон бир киши келди. Анын кейпинде мусапырлык белги да жок, эч кимибиз аны тааныбайт да экенбиз. Ал келип эле Аллахтын элчисинин тизесине тизесин тийгизип, колдорун сандарына коюп олтурду да: – Оо, Мухаммад! Мага Ислам жөнүндө айтып бер - деди. Аллахтын элчиси: – Ислам – бул Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине жана Мухаммад Анын элчиси экендигине күбөлүк берүүң, намазды толук аткарууң, зекет берүүң, Рамазан орозосун тутууң жана күчүң жетсе каабага ажылык кылууң - деп жооп берди. Жанагы киши: – Туура айттың - деди. Биз анын суроо берип, кайра өзү тастыктап жатканына таң калдык. Андан кийин ал: – Эми мага Ыйман жөнүндө айтып бер - деп сурады. Аллахтын элчиси: – Ыйман – бул Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын пайгамбарларына, акырет күнүнө жана жакшылык менен жамандык тагдырдан болоруна ишенүүң - деп жооп берди. Ал киши: – Туура айттың - деди. Анан: – Эми мага Ихсан жөнүндө айтып бер - деди. Аллахтын элчиси: Ихсан – бул сен Аллахты көрүп турганыңдай Ага сыйынууң. Сен Аны көрбөсөң да, Ал сени сөзсүз түрдө көрүп турат - деп жооп берди. Ал киши: – Кыямат качан болорун айтып бер - деди. Аллахтын элчиси: – Бул жөнүндө суралуучу сурап жаткандан артык билбейт - деп жооп берди. Ал киши: – Андай болсо, мага кыяматтын белгилери туурасында айтып бер - деди. Ал айтты: – Күңдөн өзүнүн кожоюну төрөлөт, жылаң аяк, киерге кийими жок кедей малчылар бийик-бийик имараттарды курууда бири-бири менен атаандашканына күбө болосуң - деп жооп берди. Умар айтты: «Андан кийин ал киши кетип калды. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин Аллахтын элчиси менден: – Эй, Умар! Суроо узаткан киши ким экенин билесиңби? - деп сурады. Мен: – Аллах жана Анын элчиси жакшы билет - деп жооп бердим. Ошондо ал: – Чындыгында, ал Жебирейил периште болчу. Силерге диниңерди үйрөткөнү келген эле - деп айтты».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالعقيدة، الأربعون النووية
"Чынында, Аллах Таала күндүзү күнөө кылгандардын тобосун кабыл кылуу үчүн түнү колун созот. Түндө күнөө кылгандардын тобосун кабыл кылуу үчүн күндүзү колун созот. Анын мындай ырайымы күн батыштан чыкканча уланат.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالتوبة، توحيد الأسماء والصفات، أشراط الساعةموضوعات الحديثسعة فضل الله عز وجل، أشراط الساعة، التوبة
"Оо, адамдар! Аллах Аруу-Таза, таза нерселерди гана кабыл кылат. Аллах Таала ыймандууларга пайгамбарларга буйруган нерсени буйруган. Ал минтип айткан: "Оо, пайгамбарлар! Таза, адал нерседен жегиле! Ийги иш-амалдарды кылгыла! Чынында, эмне кылганыңарды Мен билүүчүмүн" (Муминун, 51-аят). Ошондой эле: "Оо, ыйман келтиргендер! Биз силерге берген ырыскылардын таза-адалынан жегиле...”!" деген (Бакара, 172-аят). Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алыс сапарга чыгып, чачы саксайып жүдөгөн, үстү-башын чаң баскан адам колун өйдө көтөрүп: “ “Оо, Раббим, оо, Раббим” деп дуба кылганын эскерип, анан мындай деди: “Анын жегени арам, ичкени арам, кийгени арам, арамдан азыктанат. Анан анын дубасы кантип кабыл болсун?!”
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأسباب إجابة الدعاء وموانعه، توحيد الأسماء والصفات
«Эгер Аллах бир пендени жакшы көрсө, Жебрейилди чакырат да: "Мен баланчаны жакшы көрөм, сен да аны жакшы көр!" — дейт. Ошондо аны Жебрейил да жакшы көрөт. Андан соң ал (Жебрейил) асманда: "Чынында Аллах баланчаны жакшы көрөт, силер да жакшы көргүлө" — деп жар салат. Ошентип, аны асман тургундары да жакшы көрөт. Андан кийин жер бетинде ал үчүн (адамдардын жүрөгүндө) кабыл алуу (сүйүү, урмат-сый) жаратылат. Ал эми бир пендени жек көрсө, Жебрейилди чакырып: "Мен баланчаны жек көрөм, сен да аны жек көр!" — дейт. Ошондо аны Жебрейил да жек көрөт. Андан соң ал асман тургундарынын арасында: "Чынында Аллах баланчаны жек көрөт, силер да жек көргүлө!" — деп жар салат. Ошентип, аны (периштелер да) жек көрүшөт. Андан кийин жер бетинде ал үчүн жек көрүү жаратылат».
Сахих (ишенимдүү) Сахих Муслим
التصنيف الشرعيتوحيد الأسماء والصفات
«Кайсы бир пенде башка пенденин айыбын жашырса, анын айыбын Аллах кыямат күнү жашырат».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة، توحيد الأسماء والصفات