Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 19

Чыпкаларды алып салуу

Риваят кылынган булак

Чынчылдыгы тастыкталган Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге минтип айткан: “Силердин энеңердин курсагындагы өрчүүңөр кырк күн (суу абалда) болот. Андан кийин дагы ошончо күн канга айланат. Андан кийин дагы ошончо күн бир тиштем этке айланат. Андан кийин периште жиберилип, ага жан үйлөйт. Ошондой эле (ал периште) төрт нерсени: баланын ырыскысын, ажалын, амалын, бактылуу же бактысыз болорун жазууга буйрулат. Андан башка ибадатка татыктуу кудай болбогон Аллага ант берип айтам, кээ бириң бейишке барчулардын иш-амалын кылып жүрүп, бейишке кирерине бир чыканактай калганда китебинде жазылганы ишке ашат да, тозокко кирчүлөрдүн иш-амалын кылып тозокко кирет. Кээ бириң тозокко кирчүлөрдүн иш-амалын кылып жүрүп, тозокко кирерине бир чыканактай калганда, китебинде жазылганы ишке ашат да бейишке кирчүлөрдүн иш-амалын кылып бейишке кирет”.
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
التصنيف الشرعيالأربعون النووية، الإيمان بالملائكة، الإيمان باليوم الآخر، الإيمان بالقضاء والقدر
"Чоң күнөөлөр: Аллахка шерик кошуу, ата-энеге ак болуу, адам өлтүрүү жана жалган ант берүү".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأيمان والنذور، ذم المعاصي، الشركموضوعات الحديثعقوق الوالدين، قتل النفس، اليمين الغموس، الشرك بالله وأقسامهمحاور التعريف بالإسلامبطلان الشرك وصوره
«Жаназа коюлуп, адамдар аны ийнине көтөрүп жөнөгөндө, эгер жакшы адам болсо: батыраак болгула дейт. Эгер жакшы адам болбосо: Аттиң ай, кайда алып бара жатасыңар?! - дейт. Анын үнүн инсандан башканын баары угат, эгер инсан укканда эсинен танып (же өлүп) калмак».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأشراط الساعة