عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
545 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
Категориялар
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Равий
Бардык равийлерди көрсөтүү (59)
Али ибн Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун) Йеменден Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) топурагынан тазалана элек кичинекей алтынды ашатылган териге салып жиберди. Анан ал аны төрт кишинин: Уяйна ибн Бадрдын, Акра ибн Хабистин жана Зайд ал-Хайлдын ортосунда бөлүштүрдү, ал эми төртүнчүсү же Алкама, же Амир ибн Туфайл эле. Ошондо анын сахабаларынын бири: "Буларга караганда буга биз көбүрөөк акылуу элек" - деди. Бул сөз Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жеткенде, ал: «Силер мага ишенбейсиңерби? Мен асмандагынын аманаткөйү болсом, мага эртең менен жана кечинде асмандын кабары келип турат.» - деди.
Ошондо көздөрү чуңкурайган, жаак сөөктөрү чыгып турган, маңдайы дөңчөйгөн, сакалы коюу, чачы кырылган жана балагын түрүнүп алган бир киши ордунан туруп: "Оо, Аллахтын элчиси, Аллахтан корк!" - деди. Ал: «Шооруң курсун! Жер бетиндегилердин арасынан Аллахтан коркууга эң акылуусу мен эмесминби?!» - деди. Анан ал киши бурулуп кетип калды. Халид ибн Валид: "Оо, Аллахтын элчиси, мен анын башын алайынбы?" - деди. Ал: «Жок, балким, ал намаз окуйт» - деди. Халид: "Намаз окугандардын канчасы тили менен жүрөгүндө жок нерсени айтышат" - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Чындыгында, мага адамдардын жүрөктөрүн тинтип, курсактарын жарып көрүү буйрулган эмес» - деди.
Андан кийин ал артын салып кетип бараткан кишинин артынан карап мындай деди: «Чындыгында, мунун тукумунан Аллахтын китебин тынымсыз, көп окуган, бирок окугандары кекиртектеринен ары өтпөгөн бир коом чыгат. Алар жаанын огу атылган жаныбарды тешип өткөндөй динден чыгышат». Менимче, ал дагы: «Эгер мен аларга жетсем, аларды Самуд эли өлтүрүлгөндөй кырып өлтүрмөкмүн» - деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир сөздү айткан, мен болсо андан башкасын айттым. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): " Ким Аллахтан башкага кудай деп дуба кылып жүрүп өлсө, тозокко кирет" - деди. Мен болсо: Ким Аллахтан башканы кудай деп дуба кылбастан өлсө, бейишке кирет - дедим.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Чындыгында, Аллах силердин келбетиңерге жана байлыгыңарга карабайт, бирок жүрөгүңөргө жана иш-аракетиңерге карайт».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Силерден кимиңер болбосун, жакында Аллах Таала аны менен котормочусуз сүйлөшөт.Ошондо ал оң тарабына карап жасаган жакшы амалдарын гана көрөт. Сол тарабына карап жасаган жаман иштерин гана көрөт. Алдына карап бет алдында турган жалындуу тозокту көрөт. Ошон үчүн жарты курманы садака кылып болсо да тозоктон сактангыла".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Чындыкты айткан жана айтканы тастыкталган Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге мындайча баяндап берди: «Чындыгында, силердин ар бириңер энесинин ичинде кырк күн тамчы түрүндө топтолот. Андан кийин ошончо убакытта уюган кан түрүндө болот. Андан кийин ошончо убакытта бир үзүм эт түрүндө болот. Андан кийин ага периште жөнөтүлүп, төрт нерсени жазууга буйрулат: анын ырыскысын, ажалын, кыла турган иш-аракеттерин, бактылуу же бактысыз болушун. Андан кийин ага жан салынат. Чындыгында, силерден бирөө бейиш менен анын ортосунда бир чыканактай аралык калгыча бейиш ээлеринин амалдарын кылат. Бирок анын жазылган китеби озуп кетет да тозок ээлеренинин амалдарын кыла баштайт. Ошентип ал тозокко кирет. Ошондой эле силерден бирөө тозок менен анын ортосунда бир чыканактай аралык калгыча тозок ээлеринин амалдарын кылат. Бирок анын жазылган китеби озуп кетет да бейиш ээлеренинин амалдарын кыла баштайт. Ошентип ал бейишке кирет».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Мээримдүүлөргө Мээримдүү Зат ырайым кылат. Жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла, силерге асмандагы Зат ырайым кылат".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муазды улоосуна учкаштырып баратып: "Муаз бин Жабал!" - деди. Ал: "Кызматыңызга даярмын, о, Аллахтын элчиси!" - деди. "Муаз!" - деди дагы. "Кызматыңызга даярмын, о, Аллахтын элчиси!" - деди ал. Ушунтип үч жолу айткандан кийин: " Ким чын жүрөгү менен: "Лаа илааха иллаллооху, ва анна Мухамммадан аъбдуху ва расуулух" - деп күбөлүк берсе, Аллах анын тозокко кирүүсүн арам кылат" - деди. "О, Аллахтын элчиси, муну адамдарга айтып сүйүнчүлөйүнбү?" - деди Муаз. "Андай кылсаң, ушуга таянып алышат" - деди. Бул хадисти Муаз өлөр алдында хадисти айтпай жашырып кетүүдөн корккону үчүн айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Адамдар Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү ачыктар тууралуу сурашты. Ал: "Алар эч нерсе кыла албайт" - деди. О, Аллахтын элчиси, кээде алардын айтканы туура чыгып калып жатпайбы - дешти. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ал туура чыгып калган сөздү жиндер уурдап келип (көзү ачык) досунун кулагына тоок какылыктагандай какылдайт. Алар болсо ага жүздөн ашык жалганды аралаштырып айтат"-деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)