Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 1

Чыпкаларды алып салуу
Filter
Pick a property to filter by
التخريج المتعدد1
التخريج المتعدد: مسلم

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

Биз Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен чогуу тамактанып калсак, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) баштап колун сунмайынча, колубузду сунбайт элек. Бир жолу биз аны менен бирге тамактанууга отурганыбызда, артынан бирөө түртүп жаткансып бир кыз келип, колун тамакка салмакчы болду. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын колунан кармап калды. Андан соң, артынан бирөө түртүп жаткансып бир бедуин келип калды эле, анын да колунан кармап калды. Анан Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Чындыгында, шайтан Аллахтын аты аталбаган тамакты өзүнө адал кылып алат. Ал тамакты ушул кыз аркылуу адал кылып алуу үчүн аны ээрчитип келгенде, мен анын колунан кармап калдым. Анан тамакты ушул бедуин аркылуу адал кылып алуу үчүн аны ээрчитип келгенде, анын да колунан кармадым. Жаным Анын колунда болгон Затка ант, чындыгында, анын (шайтандын) колу булардын колу менен бирге менин колумда турат», - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيآداب الأكل والشرب