Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 2

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) доорунда Абдуллах аттуу бир киши бар эле. Анын Химар (эшек) деген лакап аты бар болчу. Ал Аллахтын Элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күлдүрүп турчу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны мас кылуучу ичимдик ичкени үчүн балак уруп жазалаган эле. Күндөрдүн биринде аны дагы алып келишти. Пайгамбарыбыз буйрук берип, ага балак урулду. Ошондо адамдардын арасынан бир киши: «О, Аллах! Ага наалат болсун! Аны улам эле алып келишет го!» - деди. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ага каргыш айтпагыла! Аллахка ант болсун, мен анын Аллахты жана Анын Элчисин жакшы көрөөрүн билем», - деди.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الذميمة، آداب الكلام والصمت
Биз Умардын жанында болчубуз, ал: "Биз өзүнө оорлотуудан тыйылганбыз" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الذميمةموضوعات الحديثالتكلف