Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 1

Чыпкаларды алып салуу
Filter
Pick a property to filter by
التخريج المتعدد1
التخريج المتعدد: متفق عليه

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

«Аллах мени менен жиберген туура жол жана илимдин мисалы — жерге жааган мол жамгыр сыяктуу. Ал жердин бир бөлүгү таза эле, сууну өзүнө сиңирип алып, көптөгөн өсүмдүктөрдү жана чөптөрдү өстүрдү. Ал эми дагы бир бөлүгү кургак (катуу) жер эле, сууну өзүнө кармап калды. Аллах ал суу менен адамдарга пайда берди: андан ичишти, сугарышты жана эгин эгишти. Жамгыр жердин дагы бир башка бөлүгүнө жаады, ал болсо суу токтобогон түз жер эле: сууну да кармаган жок, чөп да өстүрбөдү. ​Мына ушул — Аллахтын динин түшүнүп, Аллах мени менен жиберген нерселерден пайда алган, өзү да үйрөнүп, башкаларга да үйрөткөн адамдын мисалы. Жана ошондой эле (акыркы жер сыяктуу) ага башын да көтөрүп койбогон жана мени менен жиберилген Аллахтын туура жолун кабыл кылбаган адамдын мисалы».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيفضل العلم