Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 51

Чыпкаларды алып салуу
"Күнөөсүн жарыя кылгандардан башка үммөтүмдүн баары ккечирилет. Жарыя кылуу мындай, бир адам түн ичинде күнөө кылып, Аллах анын жасаганын жашырат. Тиги болсо күндүзү: "О, баланча, мен түнү мындай, тигиндей иш кылдым" деп өзү жарыя кылат. Түндө аны Раббиси жашырган эле, Аллах жашырганды күндүзү өзү жарыя кылат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Чынында, Аллах Таала күндүзү күнөө кылгандардын тобосун кабыл кылуу үчүн түнү колун созот. Түндө күнөө кылгандардын тобосун кабыл кылуу үчүн күндүзү колун созот. Анын мындай ырайымы күн батыштан чыкканча уланат.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен чогуу отурганбыз. Кокустан ал бир нерсенин катуу урунган добушун угуп: "Бул эмне экенин билесиңерби?" - деди. Биз: Аллах жана Анын элчиси жакшы билет - дедик. Ал: "Бул жетимиш жыл мурда тозокко ыргытылган таш, ал учуп барып тозоктун түбүнө азыр түштү" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Чындыгында бейиште бир дарак бар, күлүк, ылдам, суутулуп тапталган ат менен чаап жүрүп олтурган адам андан жүз жылда да басып өтө албайт."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Кимде-ким тоодон боюн таштап өзүн-өзү өлтүрсө, ал тозок отунда болот жана анда түбөлүктөн-түбөлүккө калып, дайыма өзүн таштап турат. Жана кимде-ким уу ичип өзүн-өзү өлтүрсө, уусу колунда болот жана тозок отунда түбөлүктөн-түбөлүккө калып, аны дайыма ичип турат. Жана кимде-ким өзүн-өзү темир менен өлтүрсө, темири колунда болот жана тозок отунда түбөлүктөн-түбөлүккө калып, аны менен өз курсагына дайыма сайып турат».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Силерге чоң күнөөлөрдүн эң оору жөнүндө кабар берейинби?"- деп үч жолу айтты. Ошондо сахабалар: "Ооба, оо, Аллахтын Элчиси!" - дешти. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Аллахка шерик кошуу жана ата-энени нараазы кылуу". Ошондо Пайгамбар жөлөнүп жаткан жеринен отура калып: "Жалган күбөлүк берүү!" - деп кайра-кайра айтып, биз: "Токтотсо экен" дегенге чейин кайталай берди".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Ислам чоочун болуп башталды жана ал кандай башталса, кайрадан ошол чоочун абалына кайтат. Андыктан чоочундарга сүйүнчү болсун!»
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Аллах Таала Өзүнүн көлөкөсүнөн башка эч бир көлөкө болбогон күнү жети адамды Өз көлөкөсүнө алат: Адилеттүү башчы, Аллахка ибадат кылып чоңойгон жаш жигит, жүрөгү мечиттерге байланган адам, Аллах үчүн бирин-бири жакшы көрүп, Аллах үчүн биригип жана Аллах үчүн ажырашкан эки адам, мансаптуу жана сулуу аял өзүнө чакырганда: «Чынында мен Аллахтан корком», - деп айткан адам, оң колу менен берген садакасын сол колу билбей калгыдай даражада жакшылыгын жашырган адам жана жалгыз калганда Аллахты эстеп, көзүнөн жаш төккөн адам».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)