Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 113

Чыпкаларды алып салуу

Равий

Бардык равийлерди көрсөтүү (54)
"Адам баласы толтура турган анын ашказанынан өткөн жаман идиш жок. Адам баласына анын дене-мүчөлөрүн кармап тургудай эле тамактанса жетиштүү. Эгер тоё жеш керек болсо, анда аш казанын үчкө бөлүп, бир бөлүгүн тамакка, бир бөлүгүн суусундукка, бир бөлүгүн абага калтырсын".
Сахих (ишенимдүү) Имам Ахмад, ат-Тирмизи, ан-Насааи жана Ибн Маажа риваят кылган
"Аллахым, Сенден жакшылыктын баарын, азыркысын да, кийинкисин да, мен билгенин да, билбегенин да суранам. Сенин жардамың менен бардык жамандыктан, азыркысынан да, кийинкисинен да, мен билгенинен да, билбегенинен да коргоном. Аллахым, Сенден кулуң жана пайгамбарың суранган жакшылыктын баарын суранамын. Сенден кулуң жана пайгамбарың сактоону сураган жамандыктын баарынан сактооңду суранам. Аллахым, мен Сенден бейишти сурайм. Бейишке жакындата турган сөздөрдү жана амалдарды сурайм. Сенден тозоктон сактоону сурайм. Тозокко жакындата турган сөздөрдөн жана амалдардан сактоону сурайм. Сен чыгарган тагдыр-өкүмдүн баары мен үчүн жакшылык болуусун сурайм.
Сахих (ишенимдүү) Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган.
«Ким Аллахка ширк келтирбестен жолукса, анда ал бейишке кирет. Ал эми ким Ага ширк кылган абалда жолукса, анда тозокко кирет».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Кайсы бир мусулмандын башына кыйынчылык жетип, ал Аллах буйругандай: «Бардыгыбыз Аллахка таандыкбыз жана Анын Өзүнө гана кайтып барабыз», [Бакара сүрөөсү, 156-аят]. «Оо, Аллах! Менин ушул жапа чеккениме (ага сабыр кылганыма) сооп жаз жана анын ордуна андан да жакшыраак башка бир жакшылык насип кыл! – деп айтса, Аллах анын ордуна сөзсүз түрдө андан да жакшыраак башка бир жакшылык насип кылат.» Умму Салама айтты: Абу Салама каза болгондо, мен: Мусулмандардын арасынан Абу Саламадан жакшыраак ким бар? Ал Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эң биринчи болуп хижрат кылган үй-бүлө эле – деп айттым. Андан кийин мен ушул сөздөрдү айттым, ошондо Аллах мага анын ордуна Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) насип кылды."
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Аллахка эң сүйүктүү төрт сөз: Субханаллах, Алхамдулиллах, Лаа илааха иллаллах жана Аллаху Акбар. Булардын кайсы биринен баштасаң да зыяны жок».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Жыргалчылыктарды жок кылуучуну көп эстегиле," б.а. өлүмдү.
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи, ан-Насааи жана Ибн Маажа риваят кылган
Эртең менен таң атырганда ал минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен кечти киргизебиз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана" Кеч киргенде минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен кеч киргизебиз. Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана". Кээде: "Кайра кайтып баруу Сага гана" дечү.
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи Кубра китебинде жана Ибн Маажа риваят кылган
Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшылык жана күнөө тууралуу сурадым. Ал мындай деди: "Жакшылык - мүнөздүн көркөмдүгү. Күнөө - жүрөгүңдү өйүгөн жана ал жөнүндө адамдардын билишин каалабаган нерсе."".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.