Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 113

Чыпкаларды алып салуу

Равий

Бардык равийлерди көрсөтүү (54)
Аллахтын элчисине: "О, Аллахтын элчиси, мага Аллахтан сурай турган нерсени үйрөтүңүзчү" - дедим. Ал: "Аллахтан амандык тиле" - деди. Бир канча күндөн кийин кайра келип: "О, Аллахтын элчиси, мага Аллахтан эмнени суроону үйрөтүңүзчү" - дедим. Ал мага: "Эй, Аббас, эй, Аллахтын элчисинин агасы, Аллахтан дүйнө жана акыреттин амандыгын тиле" - деди.
Сахих лигойрихи (башка дагы жакшы айтымы бар жакшы хадис). Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
"Күнөөсүн жарыя кылгандардан башка үммөтүмдүн баары ккечирилет. Жарыя кылуу мындай, бир адам түн ичинде күнөө кылып, Аллах анын жасаганын жашырат. Тиги болсо күндүзү: "О, баланча, мен түнү мындай, тигиндей иш кылдым" деп өзү жарыя кылат. Түндө аны Раббиси жашырган эле, Аллах жашырганды күндүзү өзү жарыя кылат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Чынында, Аллах Таала күндүзү күнөө кылгандардын тобосун кабыл кылуу үчүн түнү колун созот. Түндө күнөө кылгандардын тобосун кабыл кылуу үчүн күндүзү колун созот. Анын мындай ырайымы күн батыштан чыкканча уланат.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Раббим, менин каталарымды жана билбестигимди кечир. Бардык иштеримдегеи кемчилик жана аша чабуумду кечир. Мендеги Сен Өзүң билип турган күнөөлөрүмдү кечир. Аллахым, менин каталарымды, атайын жана билбей жасаган, тамашалап кетирген кемчиликтеримди кечир. Мендеги бардык кемчиликти кечир. Аллахым, менин мурдагы жана кийинки күнөөлөрүмдү кечир. Ачык жана жашыруун күнөөлөрүмдү кечир. Сен алдыда кылуучу жана кечиктирүүчүсүң. Сен бардык нерсеге күчү жетүүчү Кадырсың".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Силердин эч кимиңер: «Оо, Аллах! Эгер кааласаң мени кечир, эгер кааласаң мага ырайым кыл, эгер кааласаң мага ырыскы бер»,– деп айтпасын. Сураганын чечкиндүү (бекем) сурасын. Анткени Ал Эмнени кааласа, ошону кылат. Эч ким Аны мажбурлай албайт».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Киши үйүнө киргенде, кирээрде жана тамак ичээрде Аллахтын атын атап эстесе, Шайтан (жан-жөкөрлөрүнө): Силерге мында түнөк да жок, тамак да жок - дейт . А эгер кирип, бирок кирээрде Аллахты эстебесе, шайтан: Түнөктү таптыңар - дейт. А эгер тамактанаарда да Аллахты эстебесе, шайтан: Тамакты да, түнөктү да таптыңар - дейт.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Аллахтын элчисине чөлдө жашаганмбир араб келип: "Мага ар дайым айтып жүрчү сөздү үйрөтчү" деди эле, ал: "Аллахтан башка кудай жок. Ал - жалгыз. Анын шериги да жок. Аллах - эң Улук. Аллахка көп мактоолор болсун. Бардык ааламдардын Раббиси - Аллахты аруулайм. Өзгөрүү да күч-кубат да Даанышман жана Кудуреттүү Аллахтан" деп айткын деди. Анда ал: "Булар Раббим үчүн арналган дуба экен, өзүм үчүн эмне деп айтайын" деди. Ал: "О, Аллах. Мени кечир! Мага ырайым кыл, туура жолго башта жана мага ырыскы бер" деп айткын деди"
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Оо, адамдар! Аллах Аруу-Таза, таза нерселерди гана кабыл кылат. Аллах Таала ыймандууларга пайгамбарларга буйруган нерсени буйруган. Ал минтип айткан: "Оо, пайгамбарлар! Таза, адал нерседен жегиле! Ийги иш-амалдарды кылгыла! Чынында, эмне кылганыңарды Мен билүүчүмүн" (Муминун, 51-аят). Ошондой эле: "Оо, ыйман келтиргендер! Биз силерге берген ырыскылардын таза-адалынан жегиле...”!" деген (Бакара, 172-аят). Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алыс сапарга чыгып, чачы саксайып жүдөгөн, үстү-башын чаң баскан адам колун өйдө көтөрүп: “ “Оо, Раббим, оо, Раббим” деп дуба кылганын эскерип, анан мындай деди: “Анын жегени арам, ичкени арам, кийгени арам, арамдан азыктанат. Анан анын дубасы кантип кабыл болсун?!”
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.