Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 23

Чыпкаларды алып салуу
«Мусулмандын мусулман бир тууганынын алдындагы алты акысы бар». Сахабалар: «Оо, Аллахтын Элчиси! алар кайсылар?»- деп сурашканда, ал минтип жооп берди: «Жолуккан кезде салам бер! Чакырган жерге бар! Насаат сураса ак насаатыңды айт! Чүчкүрүп "Алхамдулиллах" дегенде, "Ярхамукаллах" деп дуба кыл! Ооруп калса зыярат кылып абалын суро жана бул дүйнөдөн өтсө жаназасына катыш!». .
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Аллах Таала кыямат күнү кийимин текеберлик менен сүйрөгөн адамга карабайт».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Кимдир бирөө бир тууганын үч түндөн ашык жүз буруп таштап коюусу туура эмес. Ошентип, ал мындан жүз бурат, бул андан жүз бурат. Алардын эң жакшысы саламды биринчи баштаганы болот».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Силердин бирөөңөр даарат алса, мурдуна суу алып, анан кайра чимкирсин. Аврет жерлерин тазаласа так санда тазаласын . Силерден бирөөңөр уйкудан ойгонуп турганда, даарат алчу сууна кол салбай туруп колун жууп алсын. Анткени, эч кимиңер колу кайда түнөп чыкканын билбейт". Муслимдин риваятында: "Силердин бирөөңөр уйкудан ойгонуп турганда, үч жолу жуумайынча колун идиштеги сууга сала койбосун. Анткени, ал колу кайда түнөгөнүн билбейт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Бир киши Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көз алдында сол колу менен тамак жеди эле, ал: "Оң колуң менен жегин" - деди. Тиги: (Оң колум менен) жей албаймын - деди. "Анда жей албай калгын" - деди. (Анткени) тиги текеберленип ошенткен болчу. Ошентип ал колун оозуна жеткире көтөрө албай калды.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Бир адам Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мусулманчылыктын жакшысы кандай болот?" - деп сурады эле, ал: Муктаждарды тойгузасың, таанышка да, бейтаанышка да салам айтасың" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Тамактанып анан Ага (Аллахка) алкыш-мактоо айткан же суусундук ичип анан Ага алкыш мактоо айткан адамга Аллах Таала ыраазы болот".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Мусулман адам - башка мусулмандар анын колунан жана тилинен зыян тартпаган адам. Мухажир адам - Аллах тыюу салган нерселерди таштаган адам".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)