Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 1

Чыпкаларды алып салуу
Filter
Pick a property to filter by
التخريج المتعدد2
التخريج المتعدد: متفق عليه

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

"Укл жана Урайна уруусунан бир канча адамдар Мединага келишти. Аларга ал жердин абасы жакпай ооруп калышканда, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга саамал төөлөргө барып, алардын заарасы менен сүтүнөн ичүүнү буйруду. Алар (айтылган жерге) жөнөп кетишти. Ошентип алар айыгып, сакайган кезде, Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төө багуучусун өлтүрүп, төөлөрдү айдап кетишти. Бул кабар Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эртең менен жетти. Ошондо ал алардын артынан куугун жиберди. Ошентип күн көтөрүлгөндө аларды кармап келишти. Пайгамбардын буйругу менен алардын кол-буттары кесилип, көздөрүнө ысыган темир басылды жана алар аптаптуу таштак жерге ташталды. Алар суу сурап жатышты, бирок аларга суу берилген жок." Абу Килаба айтты: "Бул адамдар уурулук кылышты, киши өлтүрүштү, ыйманга келгенден кийин кайра каапыр болушту жана Аллах менен Анын Элчисине каршы согуш ачышты."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالطب النبوي، حد قطاع الطريق، حد الردة