Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 2

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

Жебрейил периште Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: «Оо, Мухаммад, ооруп жатасыңбы?» — деп сурады. Ал: «Ооба», — деди. Ошондо [Жебрейил]: ​«Аллахтын аты менен сага дем салам. Сага ыза берген ар бир нерседен, ар бир жандын же көралбастын көзүнүн жамандыгынан, Аллах сага шыпаа берсин. Аллахтын аты менен сага дем салам.» Транскрипциясы: «Бисмиллаахи аркыйка, мин кулли шай-ин юзийка, мин шарри кулли нафсин ау ъайни хаасидин, Аллааху яшфийка, бисмиллаахи аркыйка.»
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالرقية الشرعية وأحكامها
Колуңду ооруган жериңе коюп үч жолу: "Бисмиллах" деп айткын. Анан жети жолу: "Өзүм сезген жана кооптонгон ушул ооруунун жамандыгынан коргоо тилеп, Аллахка жана анын кудуретине сыйынам!
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالرقية الشرعية وأحكامها