Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 1

Чыпкаларды алып салуу
Filter
Pick a property to filter by
التخريج المتعدد3
التخريج المتعدد: مسلم

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбарынын жанында отурган элем. Бир киши: "Исламды кабыл алгандан кийин ажыларды суу менен камсыз кылуудан башка эч бир иш-амал кылбасам да, кабатыр болбойм", - деди. Экинчиси: "Исламды кабыл алгандан кийин "Харам мечитин" оңдоодон башка эч бир иш-амал кылбасам да, кабатыр болбойм", - деди. Дагы бирөөсү: "Аллах жолунда жихад кылуу - силер айткан нерселерден абзел", - деди. Ошондо Умар аларды жекирип: "Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбарынын жанында үнүңөрдү көтөрбөгүлө. Анын үстүнө бүгүн жума күнү. Жума намазын окугандан кийин ага кирип, силер талашып жаткан нерселердин өкүмүн сурайм", - деди. Ошондон кийин Аллах Таала: «Эмне, силер ажыларды суу менен камсыз кылууну жана "Харам мечитин" оңдоону Аллахка жана Акырет күнүнө ишенгендерге теңеп жатасыңарбы...» - деген аятты аягына чейин түшүрдү (Тообо, 19-аят).
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأسباب النزول