Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 56

Чыпкаларды алып салуу

Риваят кылынган булак

"Качан азанды уксаңар, азанчы айткандай кайталап айткыла".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيفضل الذكر، الأذان والإقامةموضوعات الحديثأحكام الأذان والإقامة
"Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) он ирекет намазын эстеп калдым : бешимден мурда эки ирекет, бешимден кийин эки ирекет окуганын. Шамдан кийин үйүндө эки ирекет окуганын. Куптандан кийин да эки ирекет үйүндө окуганын. Дагы багымдат намазынан мурда эки ирекет окуганын. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанына кирбей турган да убак бар болчу. Мага Хафса да минтип айткан: Азанчы азан чакырып, таң сүргөндө (пайгамбар) эки ирекет намаз окучу. Башка риваятта: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жума намазынан кийин эки ирекет намаз окур эле - деп келген.
Сахих (ишенимдүү) Бардык айтымдарынын ишенимдүүлүгүнө макулдашылган.
التصنيف الشرعيصلاة التطوع، السنن الرواتبموضوعات الحديثالسنن الرواتب
"Ким бир намазды унутса, аны эстегенде окусун. Ага андан башка каффарат (8) жок. Аллах таала айтты: "Мени эстөө үчүн намаз оку" [Таха: 14]".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيوجوب الصلاة وفضلها وحكم تاركها، أخطاء المصلين، صلاة أهل الأعذارموضوعات الحديثتأخير الصلاة عن وقتها، مكانة الصلاة وفضلها، صلاة أهل الأعذار
"Кимде-ким жума күнү жунуптуктан жуунгандай жуунуп, анан эртелеп мечитке барса, төөнү курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам уйду курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам мүйүздүү кочкорду курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам тоокту садака кылгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам жумуртканы садака кылгандай сооп алат. Имам кутпа айтуу үчүн минбарга чыкканда периштелер зикирди угуу үчүн чогулат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيسنن وآداب الغسل، صلاة الجمعة
Чындыгында, Усман бин Аффан мечитти кургусу келгенде адамдар муну жактырбай, аны ошол бойдон калтырып койгонун жакшы көрүштү. Ошондо Усман бин Аффан айтты: "Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: "Ким Аллах үчүн мечит курса, Аллах ал үчүн бейиште ошол мечиттей курат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيفضائل الأعمال الصالحة، أحكام المساجدموضوعات الحديثأحكام المساجد غير الحرمين، الإخلاص
"Ар бир мусулман жети күндө бир жуунууга милдеттүү, ошол күндөрдө башын жана денесин жууйт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيأحكام الغسل، سنن وآداب الغسل، فضل يوم وصلاة الجمعةموضوعات الحديثأحكام الغسل، صلاة الجمعة
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбарда турганда, бир киши андан: Түнкү намаз жөнүндө эмне айтасыз? - деп сурады. Ал: "Түнкү намаз экиден-экиден ирекет окулат. Эгер таңга чукулдап калса, бир ирекет окуп, ошону менен намазын витр (так) кылып жыйынтыктайт" - деди. Ошондой эле ал: "Намазыңарды витр менен бүтүргүлө" деп айтты. Анткени пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушуга буюрган.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيقيام الليل
"Ким эртең мененки жана кеч курунку намазды окуса, бейишке кирет".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيوجوب الصلاة وفضلها وحكم تاركهاموضوعات الحديثمكانة الصلاة وفضلها