Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 34

Чыпкаларды алып салуу

Риваят кылынган булак

"Жибек жана парчаны кийбегиле. Алтын жана күмүш идиштерден ичпегиле. Жана алардан жасалган табактан тамак жебегиле. Булар бул дүйнөдө каапырлар үчүн, акыретте биз үчүн".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعياللباس والزينة، آداب الأكل والشرب، آداب اللباس، الآنيةموضوعات الحديثلُبْس الحرير والذهب للرجال، الأكل والشرب في آنية الذهب والفضة
Жарир (ага Аллах ыраазы болсун) заара кылды. Анан даарат алып, эки маасысына масх тартты. Андан: "Сен ушундай кыласыңбы?" - деп сурашты. Ал: "Ооба, мен Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заара кылып, анан даарат алып, эки маасысына масх тартканын көргөм", - деди. Амаш айтты: Ибрахим мындай деди: "Бул хадис аларга жагат эле, анткени Жарирдин Исламды кабыл алуусу «Маида» сүрөсү түшкөндөн кийин болгон".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالمسح على الخفين ونحوهما