Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 2

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны Йеменге жөнөтөт. Кийин Абу Муса пайгамбардан йемендиктер жасаган ичимдик тууралуу сурайт. Пайгамбарыбыз: "Ал эмне экен?" - деп тактайт. Абу Муса: "Ал-битъу ва алмизру" - дейт. Андан "ал-битъу" эмне экенин сурашканда, ал: "Ал-битъу - балдын кайнатмасы, ал-мизру - арпанын кайнатмасы" - деп түшүндүрөт. Пайгамбарыбыз: "Бардык мас кылуучулар - арам" - деп жооп берет. Имам Бухари.
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
التصنيف الشرعيالأشربة المحرمة، الأربعون النووية
"Кимде-ким биздин намазыбызды окуса, биздин кыбылабызга жүздөнсө жана биз сойгон малдын этинен жесе, мына ошол – Аллахтын жана Анын элчисинин коргоосундагы мусулман. Ошондуктан, Аллахтын коргоосуна кыянаттык кылбагыла”.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأحكام ذبائح الكفار، وجوب الصلاة وفضلها وحكم تاركها، الإسلام