Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 18

Чыпкаларды алып салуу
"Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганыңарга жоопкерсиңер. Адамдарга кайтаруучу болгон башчы аларга жоопкер. Эркек киши үй-бүлөсүн кайтаруучу, ал аларга жоопкер. Аял киши күйөөсүнүн үйүнө жана балдарына кайтаруучу, ал аларга жоопкер. Кул кожоюнунун мал-мүлкүнө кайтаруучу, ал ага жоопкер. Билип алгыла, баарыңар кайтаруучусуңар жана баарыңар жоопкерсиңер".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Валий (4) болбосо нике болбойт".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Эмизүү да төрөт (туугандык) арам кылган нерсени арам кылат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кайсы бир аял өзүнүн өкүлүнүн (валисинин) уруксаты жок никеге турса, анын никеси батыл (жараксыз) болот - (муну үч ирет кайталады) -. Эгерде эркек ал аялга жакындык кылса, анда ага жакындык кылганы себептүү аялга махыр берилет. Эгерде алар талашып-тартышса, анда өкүлү (валиси) жоктор үчүн султан (башчы) өкүл болот."
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сол колуна жибекти, оң колуна алтынды кармап, колдорун өйдө көтөрүп, анан: "Бул экөөсү үммөтүмдүн эркектерине арам, аялдарына адал болду" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ан-Насааи жана Ибн Маажа риваят кылган
"Чынында, дүйнө - таттуу, көрүмдүү. Аллах Таала анда силерди бириңердин артынан бириңерди келтирип турат. Анан кандай иш-амал кылганыңарга карайт. Дүйнөдөн сак болгула жана аялдардан сак болгула . Анткени Исраил урпактарында алгачкы фитна-бүлгүн аялдардан болгон".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Дүйнө убактылуу ырахаттардан турат. Дүйнө ырахатынын эң жакшысы саалиха аял".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Кимдин эки аялы болуп, алардын бирине ооп кетсе, кыямат күнү ал бир капталы кыйшайган абалда келет».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган