Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 12

Чыпкаларды алып салуу
Анын апасы Раваханын кызы атасынан өз малынан баласына бир белек берүүсүн суранды. Атасы бул ишти бир жылдай создуктуруп, кийин кайра макул болду. Анан апасы: "Балама берген белегиңе Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күбө кылмайынча мен ыраазы болбоймун" - деди. Ал кезде мен жаш бала элем, атам мени колуман жетелеп Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) барып: "Оо, Аллахтын элчиси, чындыгында, бул баланын апасы Раваханын кызы анын баласына берген белегиме сени күбө кылуумду каалады" - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Оо, Башир, сенин мындан башка балдарың барбы?" - деп сурады. Атам: "Ооба" - деди. Ал: "Балдарыңдын баарына ушундай белек бердиңби?" - деп сурады. Атам: "Жок" - деди. Ал: "Анда мени күбө кылбагын, чындыгында мен зулумдукка күбө болбоймун" - деди. Муслимдин риваятында: "Бул ишке менден башканы күбө кыл" - деп айткан.
Сахих (ишенимдүү) Бухарий, Муслим риваят кылган жана анын бир канча варианттары бар.
"Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чач улоочуга жана чач улатуучуга, денеге сүрөт (татуировка) чегүүчүгө жана чектирүүчүгө каргыш айтты."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Аял киши эки күндүк жолго күйөөсү же махрамы менен гана чыгат . Эки күндө орозо кармоого болбойт: орозо айтта жана курбан айтта. Таңкы намаздан кийин күн чыкканча намаз окууга болбойт, дигерден кийин күн батканча намаз окууга болбойт. Үч гана мечитке атайын сапар кылып барууга болот: Харам мечитине, Акса мечитине жана менин ушул мечитиме (Набави мечитине)".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"«Эй, аялдар жамааты! Садака бергиле, анткени мага тозок элинин көпчүлүгү силер экениңер көрсөтүлдү». Алар: «Эмне үчүн, оо, Аллахтын Элчиси?» - деп сурашты. Пайгамбар: «Силер каргышты көп айтасыңар жана күйөөңөрдүн жакшылыгын танбайсынар. Акылы жана дини кем болгондордун ичинен чечкиндүү эркектин акылын силерчелик алган эч кимди көрбөдүм», - деди. Алар: «Биздин динибиздин жана акылыбыздын кемчилдиги эмнеде, Оо, Аллахтын Элчиси?» - дешти. Пайгамбар: «Аялдын күбөлүгү эркектин күбөлүгүнүн жарымына барабар эмеспи?» - деди. Алар: «Ооба», - дешти. Пайгамбар: «Мына ушул – анын акылынын кемчилдиги. Эгерде аялдын айызы келсе намаз окубайт жана орозо кармабайт эмеспи?» - деди. Алар: «Ооба», - дешти. Пайгамбар: «Мына ушул – анын дининин кемчилдиги», - деди."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Бөтөн аялдардын жанына киргенден сак болгула". Ансарлардан бир киши: Оо, Аллахтын элчиси, кайын журттан болсочу (аялдын кайниси, кайнагасы)" деп сурады. Ал: "Кайын журттан болсо - бул, өлүмгө тете" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көкүл коюудан тыйган.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кимде-ким никенин акысын бере алса, анда үйлөнсүн. Анткени үйлөнүү көзгө көшөгө жана зынадан коргоочу болот. Кимде-ким никенин акысын бере албаса, анда ага орозо кармоо зарыл, анткени орозо аны бычкан сыяктуу шакыбатын токтотот".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганыңарга жоопкерсиңер. Адамдарга кайтаруучу болгон башчы аларга жоопкер. Эркек киши үй-бүлөсүн кайтаруучу, ал аларга жоопкер. Аял киши күйөөсүнүн үйүнө жана балдарына кайтаруучу, ал аларга жоопкер. Кул кожоюнунун мал-мүлкүнө кайтаруучу, ал ага жоопкер. Билип алгыла, баарыңар кайтаруучусуңар жана баарыңар жоопкерсиңер".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)