Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 5

Чыпкаларды алып салуу
"Валий (4) болбосо нике болбойт".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Кайсы бир аял өзүнүн өкүлүнүн (валисинин) уруксаты жок никеге турса, анын никеси батыл (жараксыз) болот - (муну үч ирет кайталады) -. Эгерде эркек ал аялга жакындык кылса, анда ага жакындык кылганы себептүү аялга махыр берилет. Эгерде алар талашып-тартышса, анда өкүлү (валиси) жоктор үчүн султан (башчы) өкүл болот."
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Ыймандуулардын ыйманы толугу - кулк-мүнөзү жакшысы. Силердин эң жакшыңар - аялзатына жакшы мамиле кылганыңар".
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
«Кимдин эки аялы болуп, алардын бирине ооп кетсе, кыямат күнү ал бир капталы кыйшайган абалда келет».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге муктаждыктардын башында айтылчу кутпаны минтип үйрөткөн: "Алкыш-мактоолор Аллахка болсун. Андан жардам сурайбыз жана кечирим тилейбиз. Напсибиздин жамандыгынан сактоону Өзүнөн суранабыз. Аллах кимди туура жолго салса, аны адаштыруучу жок. Ал кимди адаштырса, аны туура жолго салуучу жок. Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берем. "О, адамдар! Силерди бир жандан жаратып, андан жубайын жаратып, ал экөөнөн көп эркек жана аялдарды тараткан Раббиңерден корккула! Анын аты менен жана туугандыктан сурала турган Раббиңерден корккула!" (Ниса, 1-аят). "О, ыймандуу пенделер! Аллахтан чыныгы коркуу менен корккула жана мусулман болмоюнча өлбөгүлө!" (Аалу Имран, 102-аят). "О, ыймандуу пенделер! Аллахтан корккула жана туура сүйлөгүлө! Аллах силердин ишиңерди оңдоп, күнөөңөрдү кечирет. Ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, чоң утушка жетет". (Ахзаб, 70-71-аяттар).
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган