Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 12

Чыпкаларды алып салуу

Риваят кылынган булак

Ашари уруусунан бир канча адам болуп Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мингенге улоо сурап бардык. Ал: "Аллахка ант болсун, силерге улоо бере албаймын. Менде силерге бере турган улоо жок" - деди. Арадан бир аз өткөндөн кийин ага олжого түшкөн төө келип калып, бизге үч төө берүүгө буйруду. Биз төөнү алып кетип жатканда бири-бирибизге: Бизди Кудай урду го, Аллахтын элчисине улоо сурап барып ал бизге улоо бербеймин деп Аллахтын атына касам ичип, анан кайра улоо берип койду го деп сөз кылдык. Абу Муса (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Анан Аллахтын элчисине кайра келип оюбузду айттык. Ал: "Силерге төөнү мен берген жокмун, Аллах Таала берди. Аллах кааласа, мен касам ичип кийин андан жакшы ишти көрсөм, касамымды бузуп, жакшы ишти аткара берем" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Осуят кыла турган бир нерсеси бар мусулман адам, үч түн өтпөстөн анын осуяты жанында жазылуу болсун." Абдуллах ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушул сөзүн уккандан бери, осуятым дайым жанымда."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Эй, Абу Зар! Шорпо бышырсаң, суусун көбөйтүп, кошуналарыңдан кабар ал."
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"«Аллахка ант, ыймандуу болбойт! Аллахка ант, ыймандуу болбойт! Аллахка ант, ыймандуу болбойт!» – Оо, Аллахтын элчиси, ал ким? – деп суралганда. Ал айтты: «Кошунасы анын зыянынан аман болбогон адам»."
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.