Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 12

Чыпкаларды алып салуу

Риваят кылынган булак

«Алтынды алтынга, күмүштү күмүшкө, буудайды буудайга, арпаны арпага, курманы курмага, тузду тузга - окшошко-окшош, теңме-тең, колмо-кол алмаштыргыла. Эгер бул түрлөр ар башка болсо, бирок колмо-кол болсо, каалаганыңардай соода кыла бергиле».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) назр кылуудан тыйып: "Назр жакшылык алып келбейт, сараң адамдан гана чыгарылуусу талап кылынат" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Жебирейил периште мага кошуна жөнүндө «мен кошуна да мурас алат экен» деп мен ойлоп калганга чейин насаат айтып жатты".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
“Адам өлгөндө, анын иш-аракеттери бүт токтойт. Бирок үч ишинин гана сообу токтобой улана берет. Алар: эл пайдасын көргөн, сообу үзүлбөгөн садакалары; бирөөлөргө үйрөтүп кеткен пайдалуу илим-билими; артынан дуба кылган ыймандуу баласы”
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Ким жалган ант ичип, бир мусулмандын акысын тартып алса, Аллах ага тозокту милдеттүү кылат жана бейишти арам кылат». Ошондо бир адам: "Оо, Аллахтын Элчиси! Эгер ал кичинекей эле нерсе болсо дагыбы?" – деп сурады. Пайгамбарыбыз: "Эгер ал мисвак жыгачынын бир бутагы болсо дагы", – деп жооп берди».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Кимде-ким мусулман адамдын мал-мүлкүн тартып алуу үчүн жалган ант берсе, Аллахка ал Аллах ага ачууланган абалда жолугат." Ал-Ашас айтты: Аллахка ант, бул мен жөнүндө болгон. Мени менен бир Яхудийдин ортосунда жер бар эле, ал менин акымды танып койду. Анан мен аны Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып бардым. Ошондо Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага: "Сенин далилиң барбы?" - деди. Мен: Жок, - дедим. Ал Яхудийге: "Ант ич", - деди. Мен: Оо, Аллахтын элчиси, анда ал ант ичип, менин мал-мүлкүмдү алып кетет да", - дедим. Ошондо Аллах Таала: «Ал эми, Аллахка берген убадаларын жана анттарын арзыбаган баага сатып жиберген кишилер....» (Алу Имран сүрөсү, 77-аят) - деген аятты аягына чейин түшүрдү.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Алтыны жана күмүшү бар адам, ал экөөнүн акысын бербесе, кыямат күнү болгондо, алтын-күмүшү оттон болгон тактайчага айланат жана ал отко кызытылат, анан аны менен ээсинин капталына, бешенесине жана артына үтүктөлүп белги салынат. Ал муздаган сайын кайра кайталанып турат. Бул күндүн узактыгы элүү миң жылга тете болот. Ошентип качан адамдарга өкүм чыгып, бара турган жерин же бейишти, же тозокту көргөнгө чейин азапталат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Күмүштү алтынга алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Буудайды буудайга алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Арпаны арпага алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Курманы курмага алмаштыруу сүткордук болот. Бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)