Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу
Аллахтын элчиси (ага Алахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Хунайнга жөнөп чыкканда, мушриктердин "Заат анваат" деп аталган дарагынын жанынан өттү. Мушриктер ага (аны ыйыктап) курал-жарагын илип койчу. Ошондо жанындагылардан бирөөлөр: О, Аллахтын элчиси, булардын "Заат анвааты" сыяктуу бизге да (ыйыктай турган) "Заат анваат" кылып бербейсиңби? - дешти. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Субхааналлах! Бул айтканыңар Мусанын коому ага: "Алардын кудайы сыяктуу бизге да кудай кылып бер" дегениндей болуп жатат (Аъраф, 138-аят) . Жаным колунда турган Затка ант ичип айтам, силер да мурда өткөндөрдүн жолуна түшөсүңөр" - деди (ачууланып).
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأحكام التشبه، توحيد الألوهية، تفسير الآيات، الشركموضوعات الحديثالتشبه بالكفار، الشرك بالله وأقسامهمحاور التعريف بالإسلامبطلان الشرك وصوره
«Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялча кийинген эркекке жана эркекче кийинген аялга каргыш айткан».
Сахих (ишенимдүү) Ан-Насааи Кубра китебинде, Ибн Маажа ушул мааниде жана Ахмад риваят кылган.
التصنيف الشرعيأحكام التشبه، اللباس والزينة
«Ким бир коомго өзүн окшотсо, анда ал ошолордон».
Хасан (жакшы) Абу Дауд жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأحكام التشبهموضوعات الحديثالتشبه بالكفار