عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Fon Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Türkmen - Turkmen Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
816 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
التصنيف الشرعي
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Равий
Аллах таала айтты: "Намазды Менин жана пендемдин ортосунда экиге бөлдүм, ошондой эле пендеме сураган нерсеси (берилет). Эгерде пенде: "Альхамду лиллахи Роббиль ааълямиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага шүгүрлөрдү айтты". Эгерде пенде: "Ар-Рахманир Рахийм" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага мактоолорду айтты". Эгер пенде: "Маалики яумуддиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мени улуктады". Эгерде пенде: "Иййака наьбуду ва иййака настаьийн" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул Мени менен пендемдин ортосундагы (нерсе) жана Пендеме сураган нерсеси (берилет)". Эгерде пенде: "Ихдинас сиротоль мустакийм. Сиротоль лязиина анъамта аълайхим гойриль магдууби алайхим уа ляд-дооооллиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул пендем үчүн, пендеме сураган нерсеси (берилет)".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل السور والآيات، أركان الصلاة، تفسير الآياتموضوعات الحديثفضائل السور والآيات، أركان الصلاة
Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахка таандык. Ичиңердегини ачыкка чыгарсаңар да, же жашырсаңар да, Аллах силерди ал үчүн эсепке тартат. Анан Ал каалаганын кечирет жана каалаганын азапка салат. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү» [Бакара: 284] – деген аят түшкөндө, бул (аят) Аллахтын элчисинин сахабаларына өтө оор тийди. Алар Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип, чөк тизелеп олтуруп: «О Аллахтын элчиси! Бизге намаз, орозо, жихад жана садага сыяктуу аткарууга чамабыз жете турган амалдар милдет кылынчу. Эми сага бул аят түшүптүр, буга биздин чама-чаркыбыз жетпейт го» - дешти.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Силер да өзүңөрдөн мурунку эки китептин ээлери сыяктуу: "Уктук жана каршы чыктык", – деп айткыңар келип турабы? Жок, тескерисинче: «Уктук жана моюн сундук. О Раббибиз! Бизди кечир, кайтып баруу бир гана Сенин Өзүңө» деп айткыла», – деди.
(Сахабалар): «Уктук жана моюн сундук. «Уктук жана моюн сундук. О Раббибиз! Бизди кечир, кайтып баруу бир гана Сенин Өзүңө!» – дешти.
Адамдар муну окуп, тилдери ага көнүп калганда, Аллах Таала мунун артынан эле: «Элчи анын өзүнө Раббисинен түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирди жана момундардын баары Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине жана Анын элчилерине ыйман келтиришти. (Алар): "Элчилердин араларын ажыратпайбыз. «Уктук жана моюн сундук. О Раббибиз! Бизди кечир, кайтып баруу бир гана Сенин Өзүңө" деп айтышты» [Бакара: 285] – деген аятты түшүрдү.
Алар ушундай кылгандан кийин, Аллах Таала ал өкүмдү жокко чыгарып, (төмөнкү аятты) түшүрдү: «Аллах эч бир жанга кудурети жетпеген ишти жүктөбөйт. Ар бир жандын жасаган жакшылыгы өз пайдасына, жамандыгы өз зыянына. О Раббибиз! Эгер унутсак же ката кылсак бизди азапка салба» [Бакара: 286].
(Аллах): «Ооба», – деди.
«О Раббибиз! Бизге бизден илгеркилерге жүктөгөндөй оор жүктөрдү жүктөбө» [Бакара: 286].
(Аллах): «Ооба», – деди.
«О Раббибиз! Биздин үстүбүзгө кудуретибиз жетпеген нерселерди жүктөбө!» [Бакара: 286].
(Аллах): «Ооба», – деди.
«Биздин күнөөлөрүбүздү өчүр жана кечир, бизге ырайым кыл! Өзүң биздин Кожоюнубузсуң! Каапыр коомдорго каршы бизге жардам бер!» [Бакара: 286].
(Аллах): «Ооба», – деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل السور والآيات، تفسير الآيات
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Худайбияда курмандык малын союп, Мединага кайтып келе жатканда, сахабалар кайгыга жана капалыкка батып турган кезде Аллах Тааланын: «(Оо, Мухаммад), Чынында, Биз сага анык жеңиш бердик. дегенден баштап, «чоң жеңиш», (Фатх сүрөсү, 1-5-аяттар) - деген сөзүнө чейинки аяттар түшкөндө, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Чынында, мага бир аят түшүрүлдү, ал мага бүткүл дүйнөдөн да сүйүктүүрөөк."
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالتفسير، وصف القرآن وفضائله