Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 12

Чыпкаларды алып салуу

Риваят кылынган булак

«Ким "Кахф" сүрөсүнүн алгачкы он аятын жаттаса, Дажжалдын азгырыгынан сак болот. Ал эми дагы бир риваятта: "Кахф сүрөсүнүн акыркы аяттарынан", – деп айтылган».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل السور والآيات، الحياة البرزخية
Аллах таала айтты: "Намазды Менин жана пендемдин ортосунда экиге бөлдүм, ошондой эле пендеме сураган нерсеси (берилет). Эгерде пенде: "Альхамду лиллахи Роббиль ааълямиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага шүгүрлөрдү айтты". Эгерде пенде: "Ар-Рахманир Рахийм" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага мактоолорду айтты". Эгер пенде: "Маалики яумуддиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мени улуктады". Эгерде пенде: "Иййака наьбуду ва иййака настаьийн" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул Мени менен пендемдин ортосундагы (нерсе) жана Пендеме сураган нерсеси (берилет)". Эгерде пенде: "Ихдинас сиротоль мустакийм. Сиротоль лязиина анъамта аълайхим гойриль магдууби алайхим уа ляд-дооооллиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул пендем үчүн, пендеме сураган нерсеси (берилет)".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل السور والآيات، أركان الصلاة، تفسير الآياتموضوعات الحديثفضائل السور والآيات، أركان الصلاة
«Тазалык – ыймандын жарымы. Алхамдулиллахи сөзү амал таразаны толтурат. Субхааналлах жана Алхамдулиллах сөздөрү болсо асмандар менен жердин ортосун толтурат. Намаз – нур, садака бул - далил, ал эми сабырдуулук болсо жарыктык. Куран болсо, сенин пайдаңа же сенин зыяныңа күбөө болот. Ар бир инсан күндө өз нафсисин Аллах үчүн же шайтан үчүн сатыкка коёт, анан аны куткарып алат же аны зыянга учуратат».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيوصف القرآن وفضائله، فضائل الأعمال الصالحة، فضل الذكر، الأخلاق الحميدة، فوائد ذكر الله عز وجل، تزكية النفوس، فضل الوضوء، وجوب الصلاة وفضلها وحكم تاركها، صدقة التطوعموضوعات الحديثتلاوة القرآن، الذِّكْر، الصبر، صدقة التطوع، مكانة الصلاة وفضلها
«Жебрейил Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында отурган кезде, үстү жагынан бир добушту укту. Ал башын өйдө көтөрүп: – Бул – асманда бүгүн ачылган эшик. Буга чейин ал эч качан ачылган эмес болчу, - деди. Андан бир периште түштү. Ошондо Жебрейил: – Бул – жерге түшкөн бир периште. Бүгүндөн башка ал эч качан түшкөн эмес эле, - деди. Периште салам берип, мындай деди: – Сенден мурунку эч бир пайгамбарга берилбеген, сага гана берилген эки нур менен сүйүн: (Алар) Фатиха сүрөсү жана Бакара сүрөсүнүн акыркы аяттары. Сен ал экөөнөн кайсы бир тамганы окусаң да, ал сага сөзсүз берилет».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل السور والآيات، الملائكة
"Үйүңөрдү көрүстөндөй кылып албагыла. Чынында, Бакара сүрөөсү окулган үйдөн шайтан качат".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيآداب تلاوة القرآن الكريم، فضائل السور والآيات، صلاة التطوعموضوعات الحديثتلاوة القرآن، فضائل السور والآيات، صلاة التطوع
Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахка таандык. Ичиңердегини ачыкка чыгарсаңар да, же жашырсаңар да, Аллах силерди ал үчүн эсепке тартат. Анан Ал каалаганын кечирет жана каалаганын азапка салат. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү» [Бакара: 284] – деген аят түшкөндө, бул (аят) Аллахтын элчисинин сахабаларына өтө оор тийди. Алар Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип, чөк тизелеп олтуруп: «О Аллахтын элчиси! Бизге намаз, орозо, жихад жана садага сыяктуу аткарууга чамабыз жете турган амалдар милдет кылынчу. Эми сага бул аят түшүптүр, буга биздин чама-чаркыбыз жетпейт го» - дешти. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Силер да өзүңөрдөн мурунку эки китептин ээлери сыяктуу: "Уктук жана каршы чыктык", – деп айткыңар келип турабы? Жок, тескерисинче: «Уктук жана моюн сундук. О Раббибиз! Бизди кечир, кайтып баруу бир гана Сенин Өзүңө» деп айткыла», – деди. (Сахабалар): «Уктук жана моюн сундук. «Уктук жана моюн сундук. О Раббибиз! Бизди кечир, кайтып баруу бир гана Сенин Өзүңө!» – дешти. Адамдар муну окуп, тилдери ага көнүп калганда, Аллах Таала мунун артынан эле: «Элчи анын өзүнө Раббисинен түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирди жана момундардын баары Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине жана Анын элчилерине ыйман келтиришти. (Алар): "Элчилердин араларын ажыратпайбыз. «Уктук жана моюн сундук. О Раббибиз! Бизди кечир, кайтып баруу бир гана Сенин Өзүңө" деп айтышты» [Бакара: 285] – деген аятты түшүрдү. Алар ушундай кылгандан кийин, Аллах Таала ал өкүмдү жокко чыгарып, (төмөнкү аятты) түшүрдү: «Аллах эч бир жанга кудурети жетпеген ишти жүктөбөйт. Ар бир жандын жасаган жакшылыгы өз пайдасына, жамандыгы өз зыянына. О Раббибиз! Эгер унутсак же ката кылсак бизди азапка салба» [Бакара: 286]. (Аллах): «Ооба», – деди. «О Раббибиз! Бизге бизден илгеркилерге жүктөгөндөй оор жүктөрдү жүктөбө» [Бакара: 286]. (Аллах): «Ооба», – деди. «О Раббибиз! Биздин үстүбүзгө кудуретибиз жетпеген нерселерди жүктөбө!» [Бакара: 286]. (Аллах): «Ооба», – деди. «Биздин күнөөлөрүбүздү өчүр жана кечир, бизге ырайым кыл! Өзүң биздин Кожоюнубузсуң! Каапыр коомдорго каршы бизге жардам бер!» [Бакара: 286]. (Аллах): «Ооба», – деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل السور والآيات، تفسير الآيات
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахты бардык абалында эстеп зикир кылат эле.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل الذكر، أحكام القرآن والمصاحف، هدي النبي صلى الله عليه وسلم في الذكر، الأذكار المطلقةموضوعات الحديثالذِّكْر، ما يَحرُمُ على المُحْدِثِ عملُه
«Силердин бирөөңөр үй-бүлөсүнө кайтып келгенде, үч семиз төө менен кайткысы келеби?» Биз: «Ооба» - деп жооп бердик. Ал айтты: «Силердин бириңер намазда окуган үч аят ал үчүн үч семиз төөдөн жакшы».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيوصف القرآن وفضائله، فضائل السور والآياتموضوعات الحديثتلاوة القرآن، فضائل السور والآيات