Skip to content

Силердин кимиңер күн сайын миң сооп табуудан алсыздык кылат?

Саъд ибн Абу Ваккас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Биз Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында элек. Ал: «Силердин кимиңер күн сайын миң сооп табуудан алсыздык кылат?» — деп сурады. Анын жанында отургандардын бири: «Кантип биздин бирибиз миң сооп таба алат?» — деп сурады. Ал: «Жүз жолу тасбих айтат, ошондо ага миң жакшылык жазылат же анын миң күнөөсү өчүрүлөт», — деп жооп берди.

كُنَّا عِنْدَ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ: «أَيَعْجِزُ أَحَدُكُمْ أَنْ يَكْسِبَ، كُلَّ يَوْمٍ أَلْفَ حَسَنَةٍ؟» فَسَأَلَهُ سَائِلٌ مِنْ جُلَسَائِهِ: كَيْفَ يَكْسِبُ أَحَدُنَا أَلْفَ حَسَنَةٍ؟ قَالَ: «يُسَبِّحُ مِائَةَ تَسْبِيحَةٍ، فَيُكْتَبُ لَهُ أَلْفُ حَسَنَةٍ، أَوْ يُحَطُّ عَنْهُ أَلْفُ خَطِيئَةٍ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан минтип сурады: Күн сайын миң жакшылык жасоо силердин эч бириңердин колунан келбейби?! Отургандардын бири: Кантип адам бир күндө жеңил эле миң жакшылык жасай алат? деп айтты. Ал айтты: Ким жүз жолу «Субханаллах» деп айтса, ага миң сооп жазылат. Анткени бир соопко он эсе көп сооп берилет. Же болбосо анын миң күнөөсү өчүрүлөт.

Хадистин пайдалары

Пазилеттүү амалдарга үндөө; анткени алар — ибадаттардын тепкичи.

Тасбих жана зикир кылуунун артыкчылыгы. Адамга эч кандай кыйынчылык жаратпаган бул жеңил ибадат аркылуу ага ушул чоң сооп-сыйлык берилет.

Сахабалар жакшы иштерди кылууга кечиктирбестен шашылышкан.

Сооп иштердин он эсе көбөйтүлүшү, бул Аллах Тааланын: (Ким (Акыретке) бир жакшылык алып келсе, ага (кеминде) он эсе көбөйтүп берилет) [Аньаам: 160] – деген сөзүндөгүдөй. Бул эселеп көбөйтүүнүн эң төмөнкү даражасы, болбосо жети жүз эсеге чейин эселенери да айтылган.

Кээ бир риваяттарда «же андан өчүрүлөт...» деген сөздөгү (же) байламтасынын ордуна (жана) байламтасы келген. Мулла Али Кари айтты: «(Жана) байламтасы (же) маанисинде келиши мүмкүн, ошондуктан эки риваяттын ортосунда карама-каршылык жок. Анын мааниси мындай: ким муну айтса, ага миң жакшылык жазылат; эгер анын мойнунда (толук миң күнөөсү) жок болсо, анда бир бөлүгү өчүрүлүп, бир бөлүгүнө соопко ээ болот. Ошондой эле (же) байламтасы (жана) маанисинде же болбосо (атүгүл) маанисинде болушу да мүмкүн. Мындай учурда ал үчүн экөө тең чогултулуп берилет жана Аллахтын пазилети мындан да кең», – деп аяктады. Башкача айтканда, ага миң жакшылык жазылып, андан миң жамандык өчүрүлөт.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2073) (2698).

Сахих Муслим (4/ 2073) (2698).

Дагы (16)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 507).

مرقاة المفاتيح.

لعلي القاري (4/ 1594).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 980).

مرعاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.

لعبيد الله المباركفوري (7/ 454).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 507).

مرقاة المفاتيح.

لعلي القاري (4/ 1594).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 980).

مرعاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.

لعبيد الله المباركفوري (7/ 454).