Skip to content

"Бул жетимиш жыл мурда тозокко ыргытылган таш, ал учуп барып тозоктун түбүнө азыр түштү" - деди.

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен чогуу отурганбыз. Кокустан ал бир нерсенин катуу урунган добушун угуп: "Бул эмне экенин билесиңерби?" - деди. Биз: Аллах жана Анын элчиси жакшы билет - дедик. Ал: "Бул жетимиш жыл мурда тозокко ыргытылган таш, ал учуп барып тозоктун түбүнө азыр түштү" - деди.

كُنَّا مَعَ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، إِذْ سَمِعَ وَجْبَةً، فَقَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «تَدْرُونَ مَا هَذَا؟» قَالَ: قُلْنَا: اللهُ وَرَسُولُهُ أَعْلَمُ، قَالَ: «هَذَا حَجَرٌ رُمِيَ بِهِ فِي النَّارِ مُنْذُ سَبْعِينَ خَرِيفًا، فَهُوَ يَهْوِي فِي النَّارِ الْآنَ حَتَّى انْتَهَى إِلَى قَعْرِهَا».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кандайдыр бир зат асмандан келип жерге түшкөндө чыккан үн сыяктуу катуу чыккан үндү угуп, жанындагы сахабалардан бул эмненин үнү экенин сурайт. Алар: Аллах жана Анын элчиси жакшы билет - дешет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Силер уккан үн мындан жетимиш жыл мурда тозоктун кырынан ыргытылган таш, ал учуп барып тозоктун түбүнө азыр түшкөнүн силер уктуңар деди.

Хадистин пайдалары

Акырет күнүнө ийги иш-амалдарды кылып даярдануу жана тозоктон сактануу зарыл.

Адамдын илими жетпеген нерсени Аллахка калтырганы жакшы.

Айткан сөзү түшүнүктүү болуусу үчүн мугалим угуучулардын көңүлүн, назарын өзүнө буруп алуусу керек.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2184) (2844).

Дагы (6)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 476).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 369).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (6/ 414).