Skip to content

Раббисин эстеп, зикир кылган киши менен зикир кылбаган кишинин мисалы - тирүү адам менен өлүк адам сыяктуу

Абу Муса (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«Раббисин эстеп, зикир кылган киши менен зикир кылбаган кишинин мисалы - тирүү адам менен өлүк адам сыяктуу». Ал эми Муслимдин риваятында: «Ичинде Аллах зикир кылынган үй менен Аллах зикир кылынбаган үйдүн мисалы - тирүү адам менен өлүк адам сыяктуу».

«مَثَلُ الَّذِي يَذْكُرُ رَبَّهُ وَالَّذِي لاَ يَذْكُرُ رَبَّهُ، مَثَلُ الحَيِّ وَالمَيِّتِ»، ولفظ مسلم: «مَثَلُ الْبَيْتِ الَّذِي يُذْكَرُ اللهُ فِيهِ، وَالْبَيْتِ الَّذِي لَا يُذْكَرُ اللهُ فِيهِ، مَثَلُ الْحَيِّ وَالْمَيِّتِ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланы зикир кылган киши менен зикир кылбаган кишинин ортосундагы айырманы баяндап берди. Бул айырма - пайдалуулугу жана сырткы көрүнүшүнүн сулуулугу жагынан тирүү менен өлүктүн ортосундагы айырма сыяктуу. Раббисин эстеп, зикир кылган кишинин мисалы - сырткы көрүнүшү жашоо нуру менен, ал эми ички дүйнөсү таанып-билүү нуру менен кооздолгон жана өзүндө пайдасы бар тирүү адам сыяктуу. Ал эми Аллахты зикир кылбаган кишинин мисалы - сырткы көрүнүшү жараксыз, ички дүйнөсү эч нерсеге жарабай бош калган жана эч кандай пайдасы жок өлүк адам сыяктуу. Ошондой эле, эгер бир үйдүн жашоочулары Аллахты зикир кылышса, үй тирүү деп сыпатталат. Андай болбосо, жашоочулары Аллахты зикир кылуудан кайдыгер болгондугу үчүн, ал өлүк үй болуп саналат. Үйдү сыпаттоодо "тирүү" жана "өлүк" деп айтылса, анын ичиндеги жашоочулары максат кылынат.

Хадистин пайдалары

Аллахты зикир кылууга кызыктыруу жана андан бейкапар болуудан эскертүү.

Рух дененин жашоосу болгондой эле, зикир да рухтун жашоосу болуп саналат.

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир маанини элдин аң-сезимине жакындатуу үчүн ар түрдүү мисалдарды айтып түшүндүргөн.

Имам Навави минтип айткан: "Бул хадис үйдө Аллах Тааланы зикир кылууга үндөйт жана үйдүн зикирсиз калбашы керектигин билдирет."

Ан-Навави айткан: "Бул хадисте, мейли маркум жакшылыкка өтүп кетсе да, Аллахка баш ийүү менен өткөн узун өмүр чоң артыкчылык экенине далил бар. Анткени тирүү адам өзүнүн кылган ибадаттары менен ага жетип, андан да ашып түшөт."

Булактар

Сахих ал-Бухари (8/ 86) (6407).

Сахих Муслим (1/ 539) (779).

(2/ 982).

Сахих ал-Бухари (8/ 86) (6407).

Сахих Муслим (1/ 539) (779).

(2/ 982).

Дагы (6)

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (5/ 516).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (5/ 516).