Рамазан айы келгенде бейиш эшиктери ачылып, тозок эшиктери жабылат жана шайтандар кишенделет.
- التصنيف الشرعي
- الفقهالصيامفضل الصيام
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтты:
«Рамазан айы келгенде бейиш эшиктери ачылып, тозок эшиктери жабылат жана шайтандар кишенделет».
«إِذَا جَاءَ رَمَضَانُ فُتِّحَتْ أَبْوَابُ الْجَنَّةِ، وَغُلِّقَتْ أَبْوَابُ النَّارِ، وَصُفِّدَتِ الشَّيَاطِينُ».
Пайгамбары (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Рамазан айы келгенде үч иш болорун кабарлады: Биринчиси: Бейиш эшиктери ачылат да, алардан бири да жабылбайт. Экинчиси: Тозоктун эшиктери жабылат да, андан бир дагы эшик ачылбайт. Үчүнчү: Шайтандар жана жиндердин баш ийбестери чынжырлар менен байланат да, алар башка айларда барган жерлерине Рамазан айында бара алышпайт. Мунун бардыгы бул айды улуктоо жана амал кылуучуларды намаз окуу, садака берүү, зикир кылуу, Куран окуу жана башка ушул сыяктуу ибадаттарды көбөйтүүгө, ошондой эле күнөөлөрдөн жана жамандыктардан алыс болууга кызыктыруу болуп саналат.
Рамазан айынын артыкчылыгы.
Бул берекелүү ай ибадаттын жана жакшылык кылуунун сезону экендиги – анда орозо кармагандар үчүн сүйүнүчтүү кабар.
Рамазан айында шайтандардын кишенделүүсү милдеттүү пенденин шылтоосун жокко чыгарууга ишарат кылат. Ага мынтип айтылгандай: «Шайтандар сенден тосулду, андыктан буйрукту аткарбай коюуда да, арам ишти жасоодо да аларды шылтоо кылба».
Имам Куртубий айтат: "Эгерде: «Рамазан айында жамандыктардын жана күнөөлөрдүн көп болуп жатканын көрүп жатабыз, эгер шайтандар кишенделсе мындай болмок эмес го?» - деп айтылса, ага жооп мындай: Ал нерсе орозонун шарттарын бекем сактап, адептерине көңүл бурган орозо кармоочуларда гана азаят. Же кээ бир риваяттарда келгендей шайтандардын баары эмес, алардын чоңдору гана кишенделет. Же болбосо мындан максат – бул айда жамандыктарды азайтуу жана бул байкалып турган нерсе. Анткени алардын бул айда болуусу башка айларга караганда азыраак. Алардын баары кишенделгенинен улам эч кандай жамандык жана күнөө болбойт деген нерсе келип чыкпайт. Себеби шайтандардан башка дагы жаман напси, жаман адаттар жана адамдардан болгон шайтандар бар."
Сахих ал-Бухари (3/ 25) (1899).
Сахих Муслим (2/ 758) (1079).
Сахих ал-Бухари (3/ 25) (1899).
Сахих Муслим (2/ 758) (1079).
Дагы (16)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 362).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (5/ 273).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (15/ 46).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 869).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 362).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (5/ 273).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (15/ 46).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 869).
Китептерде келтирилген
3 КитептерДагы (3)
- مشروع المنهج التعليميمادة الفقه مستوى 3«إِذَا جَاءَ رَمَضَانُ فُتِّحَتْ أَبْوَابُ الْجَنَّةِ، وَغُلِّقَتْ أَبْوَابُ النَّارِ، وَصُفِّدَتِ الشَّيَاطِينُ»
- من أحكام الصيام«إِذَا جَاءَ رَمَضَانُ فُتِّحَتْ أَبْوَابُ الجَنَّةِ، وَغُلِّقَتْ أَبْوَابُ النَّارِ، وَصُفِّدَتِ الشَّيَاطِينُ» [2].
- نبراس طالب (3)نبراس طالب 3«إِذَا دَخَلَ شَهْرُ رَمَضَانَ فُتِّحَتْ أَبْوَابُ الْجَنَّةِ، وَغُلِّقَتْ أَبْوَابُ النَّارِ، وَصُفِّدَتِ الشَّيَاطِينُ»