Skip to content

Ким: Аллахты Раббим, Исламды диним жана Мухаммадды пайгамбарым деп ыраазы болдум - деп айтса, ага бейиш важиб болот.

Абу Саид ал-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтты:

«Ким: "Аллахты Раббим, Исламды диним жана Мухаммадды пайгамбарым деп ыраазы болдум" - деп айтса, ага бейиш важиб болот».

«مَنْ قَالَ: رَضِيتُ بِاللَّهِ رَبًّا، وَبِالْإِسْلَامِ دِينًا، وَبِمُحَمَّدٍ رَسُولًا، وَجَبَتْ لَهُ الْجَنَّةُ».

Абу Дауд жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким: «Аллахты Раббим» – кудай, тарбиялоочу, мүлк ээси, кожоюн жана оңдоп-түзөөчү деп, жана «Исламды» – буйруктары жана тыюулары сыяктуу бардык өкүмдөрүнө «диним» деп ишенүү жана шариат катары – (жүрөк менен) бекем ишенүү жана баш ийүү «Мухаммадды элчим» жана пайгамбарым – ал аркылуу жиберилген жана бизге жеткирген бардык нерселери менен бирге «ыраазы болдум» – деп айтса, ага бейиш важиб болот деп кабарлаган.

Хадистин пайдалары

Бул дубаны айтууга үндөө жана ага бериле турган соопту баяндоо.

Аллахты Раббим деп ыраазы болуу адам баласынын Андан башкага ибадат кылбоосун өз ичине камтыйт.

Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарым жана элчим деп, ыраазы болуу ага баш ийүүнү жана анын сүннөтүнө моюн сунуп эрчүүнү ичине камтыйт.

Исламды диним деп ыраазы болуу – бул Аллахтын пенделери үчүн тандаганына ыраазы болуу.

Башка риваяттарда келгендей, азанды угуп жатканда эки күбөлүк учурунда бул дубаны айтуу мустахаб.

Башка бир хадисте келгендей, бул дубаны эртең менен жана кечинде айтуу мустахаб.

Булактар

Сунан Абу Дауд (2/ 635) (1529).

Сунан Абу Дауд (2/ 635) (1529).

Дагы (6)

شرح أبي داود للعيني (5/ 439).

شرح سنن أبي داود لابن رسلان (7/ 348).

المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (3/ 710).

شرح أبي داود للعيني (5/ 439).

شرح سنن أبي داود لابن رسلان (7/ 348).

المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (3/ 710).