Тууралыкка жакындагыла жана ортолукту кармагыла, жана билгиле, силерден эч ким өз амалы менен кутула албайт. Алар: Оо, Аллахтын Элчиси! Сиз дагыбы? – дешти. Ал айтты: Мен дагы. Аллах мени Өзүнүн ырайымы жана пазилетине бөлөсө гана (кутуламын).
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Тууралыкка жакындагыла жана ортолукту кармагыла, жана билгиле, силерден эч ким өз амалы менен кутула албайт». Алар: «Оо, Аллахтын Элчиси! Сиз дагыбы?» – дешти. Ал айтты: «Мен дагы. Аллах мени Өзүнүн ырайымы жана пазилетине бөлөсө гана (кутуламын)».
«قَارِبُوا وَسَدِّدُوا، وَاعْلَمُوا أَنَّهُ لَنْ يَنْجُوَ أَحَدٌ مِنْكُمْ بِعَمَلِهِ» قَالُوا: يَا رَسُولَ اللهِ وَلَا أَنْتَ؟ قَالَ: «وَلَا أَنَا، إِلَّا أَنْ يَتَغَمَّدَنِيَ اللهُ بِرَحْمَةٍ مِنْهُ وَفَضْلٍ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларды аша чаппай жана кайдыгерлик кылбай иш-аракеттерди аткарууга, колунан келишинче Аллахтан коркууга, ошондой эле иш-аракеттери кабыл болуп, аларга мээримдин түшүүсүнө себеп болуусу үчүн, Аллахка ыклас кылуу жана сүннөттү ээрчүү менен амалдарында тууралыкты максат кылууга үндөйт. Андан кийин аларга силерден эч кимди өз амалы гана куткара албастыгын, тескерисинче, Аллахтын ырайымы сөзсүз керек экенин айтты. Алар: Амалыңыздын улуктугуна карабастан ал сизди да куткара албайбы, оо, Аллахтын Элчиси? - деп сурашты. Ал: Жадагалса мен дагы. Эгер Аллах мени Өз мээриминин пазилети менен ороп алса гана кутулам.
Ан-Навави айты: "(Ортолукту кармагыла жана тууралыкка жакындагыла): Кемчиликсиз тууралыкты издегиле жана ошого ылайык амал кылгыла. Эгерде ага күчүңөр жетпей жатса, анда ага жакындагыла, б.а. ошол тууралыкка мүмкүн болушунча жакын болууга умтулгула. "Ас-Садад" (тууралык) – бул акыйкат. Ал – аша чабуу (чектен чыгуу) менен кайдыгерликтин (кемчилик кетирүүнүн) ортосундагы орточо жол. Андыктан, ашыкча да кетпегиле, кемчиликке да жол бербегиле."
Ибн Баз мындай деген: "Жакшы амалдар – бейишке кирүүгө себеп болот. Жаман амалдар – тозокко кирүүгө себеп болгон сыяктуу. Бул хадис алардын бейишке кирүүсү жалаң гана амалдын негизинде эмес, тескерисинче, Аллах Субханаху уа Тааланын кечирими жана мээрими менен болоорун ачыктап турат. Алар бейишке амалдары себептүү киришет, бирок ошол натыйжаны [алар үчүн] милдеттүү кылган нерсе – Улуу Аллахтын чексиз мээрими, кечиримдүүлүгү жана айыптарды жапкандыгы."
Пенденин амалы канчалык даражага жетпесин, ал өз амалына суктанып, ишенип текеберленип кетпеши зарыл. Анткени Аллахтын акысы – анын амалынан чоң. Андыктан, пенде коркуу менен үмүттү чогуу алып жүрүүсү зарыл.
Аллахтын Өз кулдарына болгон жакшылыгы (пазилети) жана мээрими — алардын кылган амалдарынан алда канча кенен.
Жакшы амалдар — бейишке кирүүгө себеп болот, ал эми ага жетүү бир гана Аллахтын пазилети жана Анын ырайымы менен болот.
Аль-Кирмани айтты: "Эгерде бардык адамдар бейишке Аллахтын ырайымы менен гана кире алышса, анда Аллахтын Элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзгөчөлөп эскерүүнүн себеби төмөндөгүчө: эгерде анын бейишке кирери анык болуп туруп, ал жакка Аллахтын ырайымы менен гана кирсе, анда андан башкалар үчүн бул нерсе ого бетер тиешелүү болот".
Ан-Нававий Аллах Тааланын: (Кылган амалыңар үчүн бейишке киргиле) [Ан-Нахл: 32], (Кылган амалыңар себептүү силер мураска алган бейиш ушул) [Аз-Зухруф: 72] деген сөздөрүнүн жана бейишке амалдар менен кирерин билдирген ушул сыяктуу аяттардын мааниси тууралуу мындай деп айтты: "Бул (аяттар) хадистерге карама-каршы келбейт. Тескерисинче, аяттардын мааниси: бейишке кирүүгө амалдар себеп болот. Андан кийин амалдарды кылууну жеңилдетүү, аларды чын ыкластан кылууга багыттоо жана аларды кабыл кылуу Аллах Тааланын ырайымы жана пазилети менен болот. Демек, жалаң гана амал менен кирбейт дегенибиз туура болот, хадистерден максат кылынган нерсе да ушул. Ошондой эле ал амалдар менен кирди, б.а. амалдар себептүү кирди дегенибиз да туура болот, анткени ал (амалдар да Аллахтын) ырайымынан".
Ибн ал-Жаузий мынтип айткан: Бул тууралуу төрт жооп чыгат; Биринчиси: Иш-аракет кылууга берилген ийгилик – Аллахтын ырайымдуулугунан. Эгерде Аллахтын алдын ала берген ырайымдуулугу болбогондо, ыйман да, кутулууга алып баруучу ибадат да болмок эмес. Экинчиси: Пенденин пайдасы анын Кожоюнуна (Аллахка) таандык. Демек, анын кылган амалы — анын Кожоюну (Жаратканы) үчүн аткарылууга тийиштүү болгон милдети. Ошондуктан ага берилген кандай гана сооп-сыйлык болбосун, ал Анын пазилетинен болот. Үчүнчүсү: Кээ бир хадистерде айтылгандай, бейишке кирүүнүн өзү Аллахтын ырайымдуулугу менен болот, ал эми даражаларды бөлүштүрүү амалдарга жараша болот. Төртүнчүсү: Ибадат амалдары кыска убакытта аткарылган, ал эми сооп-сыйлык түгөнбөйт. Ошондуктан түгөнүүчү нерсеге сооп-сыйлык катары берилген түгөнбөс жакшылык – амалдардын акысы эмес, Аллахтын пазилетинен болот.
Ар-Рафии айткан: Иш-аракет кылган адам кутулууну каалоодо жана даражаларга жетүүдө өзүнүн кылган иш-аракетине таянбашы керек, анткени ал Аллахтын колдоосу менен гана иш-аракеттерди аткарат жана күнөөдөн Аллахтын сактоосу менен гана тыйылат. Демек, бул нерсенин баарысы Аллахтын жакшылыгынан жана ырайымынан болот.
Сахих ал-Бухари (7/ 121) (5673).
Сахих Муслим (4/ 2170) (2816).
Дагы (8)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 165).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 321).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (1/ 573).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 130).