Намаз окуп жаткандын алдынан өткөн адам, эгер ага кандай күнөө болорун билсе, анын алдынан өткөндөн көрө кырк токтоп туруусу ал үчүн жакшыраак болмок.
- التصنيف الشرعي
- الفقهالصلاةسنن الصلاة
Буср ибн Саид риваят кылып айтты: Зайд ибн Халид Аль-Жухани (Аллах андан ыраазы болсун) аны Абу Жухаймга (Аллах андан ыраазы болсун) намаз окуп жаткан адамдын алдынан кесип өткөн адам жөнүндө Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эмне уккандыгын суроо үчүн жиберди. Абу Жухайм мындай деди: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"«Намаз окуп жаткандын алдынан өткөн адам, эгер ага кандай күнөө болорун билсе, анын алдынан өткөндөн көрө кырк токтоп туруусу ал үчүн жакшыраак болмок»." Абу Надр: "Кырк күн, же кырк ай, же кырк жыл дегенин билбейм", – деп айтты.
«لَوْ يَعْلَمُ الْمَارُّ بَيْنَ يَدَيِ الْمُصَلِّي مَاذَا عَلَيْهِ لَكَانَ أَنْ يَقِفَ أَرْبَعِينَ خَيْرًا لَهُ مِنْ أَنْ يَمُرَّ بَيْنَ يَدَيْهِ» قَالَ أَبُو النَّضْرِ: لَا أَدْرِي قَالَ: أَرْبَعِينَ يَوْمًا أَوْ شَهْرًا أَوْ سَنَةً؟
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) парз же нафил намаз окуп жаткандын алдынан өтүүдөн эскерткен. Муну атайлап кылган адам эгер ага кандай күнөө болорун билсе, кырк (жыл, ай, күн) токтоп турууну тандамак, анткени бул анын алдынан өткөндөн көрө ал үчүн жакшыраак болмок. Хадисти риваят кылуучу Абу Надр айтты: Ал кырк күн, же кырк ай, же кырк жыл дедиби, билбейм.
Эгер намаз окуп жаткан адамдын сутрасы (тосмо) жок болсо, анын алдынан кесип өтүү, же сутрасы бар болсо, аны менен сутрасынын ортосунан кесип өтүү арам болот.
Ибн Хажар минтип айткан: "Аны белгилөө боюнча кайчы пикирлер бар. Бир пикирде: эгер ал менен анын сажда кыла турган ордунун ортосунан өтсө деп айтылган. Дагы бир пикирде: ал менен анын ортосу үч чыканак өлчөмүндө деп айтылган. Ал эми башка бир пикирде: ал менен анын ортосу таш ыргытым өлчөмүндө деп айтылган."
Ас-Суюти мындай деген: Кесип өтүүдөн максат – анын алдынан туурасынан кесип өтүү. Ал эми анын алдынан кыбыла тарапты көздөй басса, анда бул катуу эскертүүгө кирбейт.
Намазына кемчилик жеткирбөө жана өтүп бара жаткандарды күнөөгө батырбоо үчүн, намаз окуучунун адамдардын жолунда жана алар сөзсүз өтө турган жерлерде намаз окубоосу абзел. Ошондой эле ал өзү менен өтүп бара жаткандардын ортосуна сутра жана тосмо коюп алуусу керек.
Мындан төмөнкүдөй тыянак чыгат: күнөөнүн кесепетинен акыретте боло турган азап аз болсо да, ал бул дүйнөдөгү ар кандай кыйынчылыктан, ал канчалык катуу болбосун, чоңураак болот.
Сахих ал-Бухари (1/ 108) (510).
Сахих Муслим (1/ 363) (507).
Сахих ал-Бухари (1/ 108) (510).
Сахих Муслим (1/ 363) (507).
Дагы (12)
تيسير العلام.
للبسام تيسير العلام (ص184).
تنبيه الأفهام.
لابن عثيمين (2/ 239).
الإلمام بشرح عمدة الأحكام.
لإسماعيل الأنصاري (1/ 154).
تيسير العلام.
للبسام تيسير العلام (ص184).
تنبيه الأفهام.
لابن عثيمين (2/ 239).
الإلمام بشرح عمدة الأحكام.
لإسماعيل الأنصاري (1/ 154).
Китептерде келтирилген
4 КитептерДагы (3)
- الصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهم«لَوْ يَعْلَمُ الْمَارُّ بَيْنَ يَدَيِ الْمُصَلِّي مَاذَا عَلَيْهِ، لَكَانَ أَنْ يَقِفَ أَرْبَعِينَ خَيْرًا لَهُ مِنْ أَنْ يَمُرَّ بَيْنَ يَدَيْهِ». قَالَ أَبُو النَّضْرِ: لَا أَدْرِي أَقَالَ أَرْبَعِينَ يَوْمًا، أَوْ شَهْرًا، أَوْ سَنَةً [
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 8«لَوْ يعلمُ المارُّ بينَ يَدَي المُصَلِّي ماذا عليه لكَانَ أن يقفَ أرْبَعينَ خَيْراً لَهُ من أن يَمُرَّ بَيْنَ يَدَيْه».
- مجموعة زاد التربية الإسلامية (3)، والسيرة النبوية (3)التربية الإٍسلامية -3- «لَوْ يَعْلَمُ الْمَارُّ بَيْنَ يَدَيِ الْمُصَلِّي مَاذَا عَلَيْهِ، لَكَانَ أَنْ يَقِفَ أَرْبَعِينَ خَيْرًا لَهُ مِنْ أَنْ يَمُرَّ بَيْنَ يَدَيْهِ»