Оо, Абу Бакр! Үчүнчүсү Аллах болгон эки адам жөнүндө кандай ойдосуң?
- التصنيف الشرعي
- السيرة النبويةالهجرة
Абу Бакр Сыддык (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Биз үңкүрдө турганыбызда, төбөбүздөгү мушриктердин таманына карадым. Анан: "Оо, Аллахтын Элчиси, эгер алардын бирөөсү өз таманына караса, таманынын астынан бизди көрмөк", - дедим. Ошондо ал: «Оо, Абу Бакр! Үчүнчүсү Аллах болгон эки адам жөнүндө кандай ойдосуң?» - деди.
نَظَرْتُ إِلَى أَقْدَامِ الْمُشْرِكِينَ عَلَى رُءُوسِنَا وَنَحْنُ فِي الْغَارِ، فَقُلْتُ: يَا رَسُولَ اللهِ لَوْ أَنَّ أَحَدَهُمْ نَظَرَ إِلَى قَدَمَيْهِ أَبْصَرَنَا تَحْتَ قَدَمَيْهِ، فَقَالَ: «يَا أَبَا بَكْرٍ، مَا ظَنُّكَ بِاثْنَيْنِ اللهُ ثَالِثُهُمَا».
Момундардын амири Абу Бакр Сыддык (Аллах андан ыраазы болсун) хижрат убагында мындай деген: Биз Саур үңкүрүнүн ичинде болгонубузда, анын үстүндө биздин төбөбүздө турган мушриктердин буттарына карадым. Анан: Оо, Аллахтын Элчиси, эгерде алардын бири эле өзүнүн бутунун астын караса, бутунун астынан бизди көрмөк, - дедим. Ал мындай деди: Оо, Абу Бакр, жеңиш, көмөк, коргоо жана туура багыттоо менен Аллах Өзү үчүнчүсү болгон эки адам жөнүндө эмне деп ойлойсуң?!
Абу Бакр Сыддыктын (Аллах андан ыраазы болсун) Меккеден Мединага хижрат кылууда өз үй-бүлөсүн жана мал-мүлкүн таштап, Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жолдош болгондугундагы улуу өзгөчөлүгү (фазилети).
Абу Бакр Сыддыктын (Аллах андан ыраазы болсун) мээрими, Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) болгон сүйүүсүнүн күчтүүлүгү жана ал үчүн душмандардан коркуусу.
Сактануу жана этият болууга күч-аракет жумшагандан кийин, Аллахка бекем ишенүү жана Анын камкордугу менен коргоосуна жүрөк тынчтануусу зарыл.
Аллах Тааланын пайгамбарларына жана олуяларына болгон камкордугу, ошондой эле аларга жардам берүү менен аларды коргоосу. Аллах Таала айтты: (Чынында Биз элчи-пайгамбарларыбызга жана ыймандуу пенделерге дүйнө жашоосунда да, күбөлөр тартылган (Кыямат) күндө да анык жардам беребиз).
Аллахка тобокел кылган (таянган) адамга Аллах Өзү жетиштүү болот, ага жардам берет, колдойт, коргойт жана сактайт деген эскертүү.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисине толук тобокел кылуусу, Ага таянуусу жана өз иштерин Ага тапшыруусу.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эр жүрөктүүлүгү жана жүрөктөрдү, көңүлдөрдү тынчтандыруусу.
Душмандан коркуп, карманган дини менен качып кутулуу жана себептерди кылуу.
Сахих ал-Бухари (5/ 4) (3653).
Сахих Муслим (4/ 1854) (2381).
Сахих ал-Бухари (5/ 4) (3653).
Сахих Муслим (4/ 1854) (2381).
Дагы (9)
شرح صحيح مسلم (149/15).
فتح الباري (11/7).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (276/2) شرح رياض الصالحين لابن عثيمين (563/1).
شرح صحيح مسلم (149/15).
فتح الباري (11/7).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (276/2).
شرح رياض الصالحين لابن عثيمين (563/1).