Skip to content

Пенделер таң атырган ар бир күндө эки периште түшөт. Алардын бири: "Оо, Аллах! Садака берүүчүгө (садакасынын) ордун толтуруп бер", - дейт. Ал эми экинчиси: "Оо, Аллах! Сараңдык кылуучунун (мал-мүлкүн) зыянга учурат", - дейт.

التصنيف الشرعي
الفقهالزكاةصدقة التطوع

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

«Пенделер таң атырган ар бир күндө эки периште түшөт. Алардын бири: "Оо, Аллах! Садака берүүчүгө (садакасынын) ордун толтуруп бер", - дейт. Ал эми экинчиси: "Оо, Аллах! Сараңдык кылуучунун (мал-мүлкүн) зыянга учурат", - дейт.»

«مَا مِنْ يَوْمٍ يُصْبِحُ العِبَادُ فِيهِ إِلَّا مَلَكَانِ يَنْزِلاَنِ، فَيَقُولُ أَحَدُهُمَا: اللَّهُمَّ أَعْطِ مُنْفِقًا خَلَفًا، وَيَقُولُ الآخَرُ: اللَّهُمَّ أَعْطِ مُمْسِكًا تَلَفًا».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күн чыккан ар бир күнү эки периште түшүп келип жар сала турганын кабарлады, алардын бири мындай дейт: "Оо, Аллах! Ибадаттарга, үй-бүлөсүнө, конокторго жана ыктыярдуу иштерге байлыгын сарптаган адамга ордун толтуруп бер. Сарптаган нерсесинин ордуна жакшылыктарды насип кыл жана аны берекелүү кыл." Ал эми экинчиси: "Оо, Аллах! (Садака берүүдөн) кызганган адамга жоготуу бер жана акылуулардан кызганган мал-мүлкүн жок кыл", – дейт.

Хадистин пайдалары

Берешен адамга көбүрөөк кайтарым берилишин жана короткон нерсесинин ордуна андан жакшыраагын беришин сурап дуба кылууга уруксат. Ошондой эле сараңдык кылып, Аллах милдет кылган нерселерге мал-мүлкүн жумшабай койгон сараң адамдын мал-мүлкү жок болсун деп дуба кылууга уруксат берилет (жаиз).

Периштелердин ыймандуу, салих жана садака кылуучу пенделерге жакшылык жана береке тилеп дуба кылуусу, чындыгында алардын дубасы кабыл болот.

Үй-бүлөсүн каржылоо, туугандык мамилени бекемдөө жана жакшылык жолдору сыяктуу милдеттүү жана ыктыярдуу иштерге мал-мүлктү сарптоого үндөө.

Жакшылык жолдорунда мал-мүлкүн сарптаган адамдын артыкчылыгын баяндоо жана анын акыбети — Аллах анын ордун сөзсүз толтура тургандыгы. Аллах Таала айтты: "Эмнени (Аллах үчүн) сарптасаңар, Аллах (бир нече барабар көбөйтүп) өзүңөргө кайтарат. Ал эң жакшы ырыскы берүүчү." [Саба; 39].

Бул дуба важиб болгон нафакаларды (чыгымдарды) берүүдөн сараңдык кылган адамга карата айтылат. Ал эми мустахаб нафакалар буга кирбейт. Анткени аны бербеген адам бул дубага татыктуу эмес.

Сараңдыктын жана ач көздүктүн арам экендиги.

Булактар

Сахих ал-Бухари (2/ 115) (1442).

Сахих Муслим (2/ 700) (1010).

Сахих ал-Бухари (2/ 115) (1442).

Сахих Муслим (2/ 700) (1010).

Дагы (12)

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 157).

نزهة المتقين بشرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 293).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 376).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 157).

نزهة المتقين بشرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 293).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 376).