Skip to content

"Мага кимдир бирөө салам айтса, анын саламына жооп кайтаруу үчүн Аллах менин жанымды кайра киргизет".

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

"Мага кимдир бирөө салам айтса, анын саламына жооп кайтаруу үчүн Аллах менин жанымды кайра киргизет".

«ما مِنْ أحَدٍ يُسلِّمُ علي إلا ردَّ اللهُ عليَّ رُوحي حتى أردَّ عليه السَّلامَ».

Абу Дауд жана Ахмад жазып калтырган.
Иснадуху хасан (айтып өткөрүүчүлөрү жакшы).
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага салам айткан кишиге жооп кайтаруу үчүн Аллах Таала анын рухун кайтарарын кабарлаган. Мейли ага салам айткан адам жакын болсун же алыс болсун айырмасы жок. Кабыр жашоосу кайып ааламына кирет. Анын акыйкатын бир гана Аллах билет. Ал бардык нерсеге Кудуреттүү.

Хадистин пайдалары

Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көбүрөөк салам жана салават айтууга кызыктыруу.

Пайгамбарыбыздын кабырдагы жашоосу инсан кабырында жашаган жашоонун эң толугу. Болгону анын акыйкатын жана кандайлыгын Аллахтан башка эч ким билбейт.

Бул хадис пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) азыркы жашоосу биздин жашообуз сыяктуу деп, андан жардам сурап ширк кылгандарга далил эмес. Анын жашоосу кабыр жашоосу.

Булактар

Сунан Абу Дауд (3/ 384) (2041).

Муснад Ахмад (16/ 477) (10815).

Дагы (6)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 486).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (5/ 477).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 964).