Skip to content

Мен Айша энебизден: "Эмне үчүн айыз көргөн аял орозонун казасын өтөп берет да, намаздын казасын өтөбөйт?" - деп сурадым.

Муаза айтат:

Мен Айша энебизден: "Эмне үчүн айыз көргөн аял орозонун казасын өтөп берет да, намаздын казасын өтөбөйт?" - деп сурадым. Ал: "Сен харурийсиңби?" - деди. Мен: "Мен харурий эмесмин, болгону сурап жатам", - дедим. Ал: "Биз айыз көрөт элек, ошондо орозонун казасын кармоого буйрулуп, намаздын казасын өтөөгө буйрулбайт элек", - деди.

سَأَلْتُ عَائِشَةَ، فَقُلْتُ: مَا بَالُ الْحَائِضِ تَقْضِي الصَّوْمَ، وَلَا تَقْضِي الصَّلَاةَ؟ فَقَالَتْ: أَحَرُورِيَّةٌ أَنْتِ؟ قُلْتُ: لَسْتُ بِحَرُورِيَّةٍ، وَلَكِنِّي أَسْأَلُ. قَالَتْ: كَانَ يُصِيبُنَا ذَلِكَ، فَنُؤْمَرُ بِقَضَاءِ الصَّوْمِ، وَلَا نُؤْمَرُ بِقَضَاءِ الصَّلَاةِ.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Муаза ал-Адавия момундардын энеси Айша энебизден (Аллах андан ыраазы болсун) суроо сурап: Эмне үчүн айызы келген аял орозонун казасын кармайт да, намаздын казасын окубайт? - дейт. Ал ага: Сен өжөрлөнүп жана чектен чыгуу максатында суроолорду көп берген харура хавариждериненсиңби? - деп сурады. Мен харурий эмесмин, бирок сурап жатам, - дедим. Ал: Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) доорунда биз айыз көрөт элек, ошондо орозонун казасын кармоого буйрулуп, намаздын казасын өтөөгө буйрулбайт элек, - деди.

Хадистин пайдалары

Өжөрлөнүп жана талашып-тартышып суроо берген ар бир адамды тыюу.

"Харурий: Куфага жакын "Харура" деген жерге таандык болгон харижиттердин бир тобу. Алардын өз иштериндеги чектен чыккандыгы, көп суроо бергендиги жана андагы өжөрлүгү себептүү аны (аялды) аларга окшоткон.

Илим үйрөнүү жана туура багыт алуу үчүн кайрылган адамга мугалимдин түшүндүрүп берүүсү.

Насс (далил) менен жооп берүү жакшыраак, анткени Айша (Аллах андан ыраазы болсун) суроо берген аял сураган мааниге токтолгон эмес. Мунун себеби, насс менен жооп берүү каршы пикирлерди түп тамыры менен жок кылат.

Пенде анын даанышмандыгын (сырын) түшүнбөсө да, Аллахтын жана Анын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өкүмүнө моюн сунуу.

Ан-Навави айткан: Айша энебиздин (Аллах андан ыраазы болсун) сөзүнүн мааниси: хавариждердин бир тайпасы айызы келген аялга айыз учурунда окулбай калган намаздардын казасын окууну милдеттүү кылышат, ал эми бул мусулмандардын ижмасына карама-каршы келет. Айша энебиздин берген бул суроосу четке кагуу маанисиндеги суроо, башкача айтканда: «Бул харурийлердин жолу жана ал кандай гана жаман жол!» - дегенди билдирет.

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 71) (321).

Сахих Муслим (1/ 265) (335).

Сахих ал-Бухари (1/ 71) (321).

Сахих Муслим (1/ 265) (335).

Дагы (8)

الإلمام بشرح عمدة الأحكام.

لإسماعيل الأنصاري (1/ 68).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص81).

الإلمام بشرح عمدة الأحكام.

لإسماعيل الأنصاري (1/ 68).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص81).